Бел-Алма кенине иштетүүгө үч компания ат салышып жатат

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүРабота на руднике. Архивное фото
Работа на руднике. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткендин Кадамжай районунан аймагындагы Бел-Алма кенин чалгындоо боюнча 14-апрелде өткөн конкурстун экинчи этабына үч компания өттү.

БИШКЕК, 15-апр. – Sputnik. Бел-Алма көмүр кенин чалгындоо максатында жер казыналарын пайдалануу укугун алуу боюнча үч компания сынактын экинчи туруна өттү. Бул туурасында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Конкурс өткөрүү боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия "Беш-Арча", "Пэрити Коал" жана "Ормош – Ойл" ишканаларын экинчи турга өткөрүү чечимин кабыл алды. 

"Беш-Арча" жана "Пэрити Коал" жоопкерчилиги чектелген ишканалары Кыргызстандын жарандарына таандык, ал эми "Ормош – Ойл" компаниясынын акцияларынын 75 пайызы Кыргызстандын, ал эми 25 пайызы Россиянын жаранына таандык. 

Жер казыналарын пайдалануу укугуна сынак жарыялоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү жобого ылайык, сынактын экинчи этабына өткөрүлгөн компаниялар тиешелүү документтерин 2015-жылдын 24-апрелине чейин (саат 15.00) тапшырышы керек. Ал эми сынак боюнча комиссия аны 27-апрелде карайт.

Ведомстволор аралык комиссия сынакка коюлган жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны 820 миң АКШ долларынан кем эмес өлчөмүндө белгилеген. 

Сынакка катышуунун шарттарынын бири – геологиялык маалыматтардын кыскача топтомун 3580 сомго сатып алуу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0