КРдин сүт, быштак жана форель өндүрүүчүлөрү свердловдуктарды кызыктырды

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүФорель өндүрүү. Архив
Форель өндүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Екатеринбург шаарында 10-апрель күнү КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Урал университетинин аянтчасында Кыргызстан менен Свердлов областынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн онлайн-биржа байланышы өттү.

БИШКЕК, 13 апр. — Sputnik. Сүт жана балык азыктарын өндүрүүчү кыргызстандыктарга Свердлов областынын өкүлдөрү кызыгат деп билдирди Екатеринбургдан консул Нургүл Токтосунова.

Ысык-көлдүн алмалары Россиянын рынокторун багындырат
Анын айтымында, Екатеринбург шаарында 10-апрель күнү КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Урал университетинин аянтчасында Кыргызстан менен Свердлов областынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн онлайн-биржа байланышы өттү. Иш-чарага министрлердин орун басарлары менен ишкердик биримдиктеринин, КР менен Свердлов областынын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Консул белгилегендей, онлайн-сессиянын катышуучулары кызматташууну талкуулап, өз ара байланыш маалыматтарын алмашууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты. Свердловдуктар кыргызстандыктардын айыл чарба өндүрүмдөрүнө өтө кызыга тургандыктарын билдиришти.

"Свердлов областынын айыл чарба комплекси боюнча министринин орун басары Владимир Гребнев катуу сорттогу быштакка жана сүт азыктарына абдан кызыкты, ал эми соода ишканаларынын өкүлдөрү КРден форель балыгын алып келүү маселесин көтөрүштү", — деди Токтосунова.

Өз кезегинде биздин айыл чарба өндүрүүчүлөр областтын соода ишканаларынын өндүрүмдөргө карата талаптары менен таанышып, балыкты өндүрүп сатуу боюнча БИ түзүүнү сунушташты.

"Бардык айыл чарба өндүрүүчүлөрү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү менен www.mcxso.midural.ru сайтынан кенен тааныша алат", — деп белгиледи консул.

Свердловдуктардын Кыргызстанга чоң кызыгуусу аталган областтын губернатору Евгений Куйвашев баш болгон делегациясынын биздин өлкөгө келиши жөнүндө маселени койду деп кошумчалаган Токтосунова бул боюнча сүйлөшүүлөр башталганын да айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0