Министрлик дыйкандарга берилчү насыянын кечигишине түшүндүрмө берди

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКапуста. Архив
Капуста. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт тарабынан айыл чарбасына берилчү насыялардын шарттарына депутаттар нааразычылыгын бир нече ирет айтышкан. ЖКнын 2-апрелдеги жыйынында бул маселе кайрадан көтөрүлдү.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев быйыл айыл чарба тармагына жеңилдетилген кредиттерди берүү министрлик жана банктар тарабынан мониторинг жүргүзүүгө байланыштуу кечигип жаткандыгын билдирди. 

Депутаттар бул маселени февралдын аягында көтөрүп, насыяларды жазгы талаа иштери баштала электе берүү зарылдыгын айтышкан. Эл өкүлдөрү 2-апрелдеги жыйынында Айыл чарба министрлиги бул жаатта начар иштеп жаткандыгын сындап чыгышты. Кредит республиканын бир катар аймактарында жазгы талаа иштери башталып калгандан кийин, 11-марттан тарта бериле баштаган.

Жазкы талаа жумуштары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар насыя, үрөн маселесинин аксап жатканын өкмөттүн алдына коюшту
Жеңилдетилген насыялар негизинен үрөнчүлүк, мал чарбасы, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, уруктандыруу иштерине жана айыл чарба кооператив тармагында эмгектенгендер үчүн берилүүдө. Ал эми жеңилдетилген кредиттин эң жогорку үстөк пайызы үрөнчүлүк жана мал чарбасы үчүн бир жылдык мөөнөт менен 10 пайыз, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, үрөнчүлүк жана уруктандыруу, айыл чарба кооперативдери үчүн бир жылга 9 пайыз  менен берилүүдө. 

Быйыл өкмөт дыйкандарга 5 миллиард сом насыя берүүнү пландаган. Өкмөт башчы быйыл насыя берүүдө кээ бир шарттар алмашылганын, ага ылайык, насыя ала турган дыйкандардын бизнес планы болушу керектигин билдирген болчу. Насыя алган адам алдын ала план жазып, алган каражатты кандай максатка жумшай тургандыгын билдирип, мал, жер семирткич, күйүүчү май сатып алгандыгы тууралуу тиешелүү тастыктама документтерди көрсөтүүгө милдеттүү.

Оторбаев: насыя алуу үчүн дыйкандардын бизнес планы болушу шарт
Жогорку Кеңештин депутаттары жеңилдетилген насыя берүү системасы чала иштелип калгандыктан, аны таратууда маселе жаралып жатканын билдиришкен болчу. Себеби кечигип берилген насыя дыйкандардын керегине жаралбай калат деген коркунуч чоң экенин эл өкүлдөрү баса белгилешкен.

Айыл чарбасын өнүктүрүү максатында акыркы жылдары дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0