КРдин тышкы карызынын көлөмү өлкө үчүн коркунучтуу эмес дейт эксперт

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКРдин тышкы карызынын көлөмү өлкө үчүн коркунучтуу эмес
КРдин тышкы карызынын көлөмү өлкө үчүн коркунучтуу эмес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тышкы карызы 2015-жылдын башына карата 3,467 миллиард доллар көлөмүндө. Республика баарынан көп Кытайдын Экспорт-импорттук банкына карыз.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү өлкөнүн экономикасы үчүн коркунучтуу эмес деди Sputnik менен болгон маегинде экономист Кеңешбек Алымбеков.

КРдин Каржы министри Ольга Лаврова бейшемби күнү маалымат жыйынында үстүбүздөгү жылдын башына карата Кыргызстандын 3,467 миллиард доллар тышкы бересеси бар экендигин айтты. 

Алымбековдун сөзүнө караганда, көп сандаган өлкөлөр чоң көлөмдөгү тышкы карызы менен жашап келет.

"Буга АКШ, Германия айкын мисал болот. Алардын ондогон миллиард доллардан ашык сырткы береселери бар. Эң башкысы, КР кооптуу чектен чыкпашы керек", — дейт ал.

Алымбеков республиканын мыйзамы боюнча сырткы карыздар Кыргызстандын ички дүң жүгүртүүсүнүн 60 пайызынан ашпоосу керектигин эске салды. 

"Бизде бул көрсөткүч азыр 45-55 пайыз деңгээлинде турат. Каржы министрлиги бул ченемди көзөмөлдөп жана өз убагында төлөмдөрдү жүргүзөт. Доллардын баасы жогорулашынан бул деңгээл жогорулап кетет деген коркунуч бар, себеби КР алган бардык тышкы насыялар чет элдик акча менен эсептелет. Бирок, азырынча бул жөнүндө кеп кылуу эрте, анткени кайра эсептөөлөрдү жүргүзүү талап кылынат", — дейт экономика боюнча эксперт.

Республика баарынан көп Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына карыз. Аталган каржы уюмунан алган насыя 1,115 миллиард долларды түзөт. Экинчи орунда Бүткүл дүйнөлүк банктын тобуна кирүүчү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы турат. Кыргызстан ага 671,5 млн. доллар бересе. 2015-жылы тышкы карызды жабууга Каржы министрлиги доллардын курсун 58,8 сом менен эсептеп, 4 млрд 67,6 млн. сом жиберүүнү карап жаткан. Азыр болсо бир доллардын баасы 62,32 сомго жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0