ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө ичимдик рыногун жөнгө салуу жөнүндө долбоор даярдоодо

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүИчимдик өнөр жайы. Архив
Ичимдик өнөр жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдын январынан тартып Евразиялык экономикалык биримдик иштей баштаганына карабастан, кылдат мамилени талап кылуучу бир катар товарлар, анын ичинде спирт ичимдиктери боюнча өз алдынча тармактык макулдашууларды кабыл алуу талап кылынат.

БИШКЕК, 19-мар — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын тапшырыгы менен жумушчу топ ЕАЭБнын алкагында спирт ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жөнүндө келишим долбоорун даярдаган деп билдирди Sputnik кабарчысына ЕЭКтин ишткердикти өнүктүрүү департаментинин башчысы Бауржан Бекешев.

Спирт ичимдиктери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спирт ичимдиктери менен бензинге болгон акциз көтөрүлдү
Мурдараак Кыргызстандын ичимдик продукциясын өндүрүүчүлөр, экспорттоочулар жана импорттоочулар ассоциациясы ЕАЭБга киргенден кийин өзүлөрүнүн кирешеси кыскарат деген кооптонуусун билдирген эле. Андан тышкары, рынокто атаандаштык да жөнгө салынбай, натыйжада айрым ишканалардын банкрот болушуна алып келиши ыктымал деген тынчсыздануулар айтылган.

Бекешевдин сөзүнө караганда, 2015-жылдын январынан тартып Евразиялык экономикалык биримдик иштей баштаганына карабастан, кылдат мамилени талап кылуучу бир катар товарлар, анын ичинде спирт ичимдиктери боюнча өз алдынча тармактык макулдашууларды кабыл алуу талап кылынат.

"Документ спирт ичимдиктеринин рыногун жөнгө салуу максаттарын жана эрежелерин аныктап, биримдиктин спирт ичимдиктер рыногунун катышуучуларынын арасында атаандаштыкка каршы иш-аракеттер менен кемсинтүүчүлүктү четтетүүнү жана жоюуну камсыз кылат", — дейт департамент башчысы.

Макулдашуу рыноктун катышуучуларынын иш-аракеттерин кемсинтүүчүлүктү жана аттандаштыкты чектөө принциптери аркылуу жөнгө салып, ЕАЭБга мүчө ар бир өлкөнүн ичимдик продукцияларына, көрсөтүүчү кызматтарына жана инвестицияларына бирдей шарттарды түзүп берет.

"Макулдашуу долбоорунун жоболору мамлекеттерди өз мыйзамдарын аларга ылайыкташтырууга милдеттендирет", — деп баса белгиледи Бекешев.

Депутат спирт ичимдиктерин саат 22.00дөн кийин сатууга тыюу салууну сунуштады
ЕЭК өкүлү макулдашуу долбоорунун күчүнө кириши ЕАЭБнын алкагында спирт ичимдиктеринин рыногундагы бардык катышуучуларынын тең укуктуулугун камсыз кылат деп билдирди.

Россия, Беларусь жана Казакстан 2014-жылдын май айында Астана шаарында ЕАЭБ түзүү жөнүндө келишимге кол коюшуп, ал биримдик 2015-жылы 1-январда өз күчүнө кирген. Өстүдөгү жылдын май айында ЕАЭБга Кыргызстан кошулганы турат. Ошентип КМШ аймагында экономикалык өнүгүүнүн жаңы кубаттуу борборуна айлана турган эң ири жалпы рыноктун түзүлүшү аягына чыгат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0