Депутат спирт ичимдиктерин саат 22.00дөн кийин сатууга тыюу салууну сунуштады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүИчимдик сатуу. Архив
Ичимдик сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алына турган болсо, Кыргызстанда спирт ичимдиктерин саат 22.00дөн кийин сатууга, ошондой эле ичимдиктерди желим идиште чыгарууга тыюу салынат. Бул калктын саламаттыгына оң таасир берет деген ишеничте идеянын автору депутат Дастан Бекешев.

БИШКЕК, 12 мар — Sputnik. Спирт ичимдиктерин саат 22.00дөн 08.00гө чейин сатууга, ошондой эле пивону желим идиште чыгарып жана сатууга тыюу салууну "Ар-Намыс" фракциясынын парламенттик депутат Дастан Бекешев сунуштады.

Андан тышкары, аталган оңдоолор кабыл алына турган болсо, спирт ичимдиктерин аянты 50 чарчы метрден кем соода түйүндөрүндө, интернет-дүкөндөрү жана башка аралыктан сатуунун бардык жолдору аркылуу сатууга, аракты куюп сатууга (көңүл ачуучу жана жалпы тамактануучу жайлардан сырткары) тыюу салынат.

Бекешевдин айтымында, оңдоолордун башкы пункту спирт ичимдиктерин саат 22.00дөн 08.00гө чейин сатууга тыюу салуу болду.

"Мыйзамга өзгөртүүлөр улуттун саламаттыгын оңдоо максатында киргизилет. Бизде ичимдик сатууга эң жакшы шарттар бар, жана аларды КМШ өлкөлөрүнүн үлгүсүндө жөнгө салуу зарыл", — дейт депутат.

Ичимдиктерди желим идиште жана дүкөндөрдө кечинде, түнчүндө сатууга тыюу КМШ өлкөлөрүндөң мисалы, Россияда ийгиликтүү колдонулуп келет жана мындай практика өзүнүн оң натыйжасынын берди деп түшүндүрдү Бекешев.

Ичимдик сатуунун жана чыгаруунун аталган шарттарын бузгандык үчүн жарандарга бир миңден беш миңге чейин, юридикалык тараптарга 50 миңден 100 миңге чейин административдик айып салынат. Экинчи жолу тартип бузгандык үчүн жеке адамдар 50 миңден 100 миң сомго чейин айып тарытшат. Юридикалык тараптар болсо спирт ичимдиктерин чыгаруу жана сатуу укугунан ажыратылат.

Азыр "Этил спиртин жана ичимдик продукцияларын өндүрүү жана сатуу аракеттерин мамлекеттик жөндөштүрүү жөнүндө" мыйзамга оңдоолор коомдук угуулардан өтүп жатат, алар аяктаган соң ЖКга коюлат.

Sputnik кабарчысына берген маегинде Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлүнүн оорулардын алдын алуу департаментинин санэпидемэкспертиза жана кызмат бөлүмүнүн башчысы Ларита Айгадарова белгилегендей, ичимдикти чыгарууда пайдаланылып жаткан бардык желим идиштер мамлекеттик стандартка туура келиши жагынан текшерилип жатат.

"Кыргызстанда, Казакстан менен Россия сыяктуу эле, полиэтилентерефталатты же жөнөкөй сөз менен ПЭТ деп аталуучу заттан жасала турган желим идишти ичимдиктерди куюуга пайдаланууга уруксат берилген. Анын ден соолукка зыяны жок. Биз желим идиш чыгарылуучу бардык өндүрүштөрдү көзөмөлдөйбүз. Ошон үчүн сапатсыз идиштин айынан уулануу жөнүндө кооптонуу негизсиз", — дейт Айгадарова.

Спирт ичимдиктерин чыгаруучулардын, экспорттоочулардын жана импорттоочулардын ассоциациясынын президенти Акылбек Кунакунов Sputnik кабарчысына "Этил спиртин жана ичимдик продукцияларын өндүрүү жана сатуу аракеттерин мамлекеттик жөндөштүрүү жөнүндө" мыйзамга карата аталган бардык оңдоолор кабыл алына турган болсо, мамлекет алардын аткарылышын көзөмөлдөй албайт деп билдирди. 

"Мамлекет майда дүкөндөрдө ичимдиктин сатылышын көзөмөлдөөгө алы келбейт, себеби алардын көбү кассалык аппараттар менен жабдылган эмес. Спирт ичимдиктердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматкерлердин саны ар бир соода түйүнүн текшергенге жетишсиз. Ал эми эгер бул маселе менен башка ведомстволор алектене турган болсо, коррупция көбөйөт деген коркунуч бар", — деп баса белгиледи Кунакунов.

Ассоциация аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы чыга тургандыгын билдирди ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0