Кыргызстандык жаштарды финансылык сабаттуулукка окутушат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМектеп окуучулары ашканада. Архив
Мектеп окуучулары ашканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-17-март күндөрү Кыргызстанда "Акчанын бүткүл дүйнөлүк жумасы" деп аталган кампания өтөт

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. "Акчанын бүткүл дүйнөлүк жумасы" деп аталган кампания Кыргызстанда 11-мартта башталат деп билдирди Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында. 

Жаштарды финансылык сабаттуулукка үйрөтүү боюнча баштала турган кампания Улуттук Банктын колдоосу менен өтүп, ага мамлекеттик ведомстволор менен коммерциялык банктар да катышат. Иш-чаранын максаты – балдардын финансылык рынок боюнча маалыматын арттыруу. 

"Балдарга финансы рыногу кандай иштеп жаткандыгын көрсөтөлү деп жатабыз, буга балдар менен алардын ата-энелери да тартылат. Ал жаш муундарды акчаны кантип пайдаланууга, сактоого, дегеле акчаны кантип пайдаланууну үйрөтүүгө багытталган", — деди Абдыгулов. 

Улуттук Банктын (УБ) башчысы насыя алгандардын көйгөйү – алардын билбестиги, маалыматка ээ болбогондугунан чыгып жатат. 

Анын айтымында, адистер кыдырып окуу өткөрөт. Программа биринчи иретте мектеп окуучуларын жана кесиптик–техникалык окуу жайлардын студенттерин камтыйт. Сабактар Токмок, Кара-Балта, Талас шаарларында өттү, кезекте Ысык-Көл облусу турат. 

УБ төрагасы финансылык сабаттуулукка арналган сайт иштелип чыккандыгын айтып, ал жерде балдар үчүн күлкүлүү сүрөттөр менен тексттер коюлган "Акчанын алиппеси" деп аталган атайын өзүнчө баракча да бар.

Global Money Week деп аталган масштабдуу кампания жыл жыл сайын Child and youth Finance деп аталган эл аралык коомчулуктун көмөгү менен дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0