"Кыргызалтын" Centerra компаниясындагы КРдин акциялар боюнча териштирет

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЗолотоносный рудник Кумтор в Киргизии
Золотоносный рудник Кумтор в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Латвиялык банкир Валерий Белоконь кыргыз тарапты сотко бергендигинен улам, канада соту Онтариодогу Centerra Gold Inс. компаниясындагы КРдин акцияларын тоңдурду. "Кыргызалтын" ААКы эмне үчүн өлкөнүн өкмөтү жеке компания үчүн жоопкер болушу керектигин түшүнбөй турат.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. "Кыргызалтын" ААКысы Онтарио (Канада) провинциясынын сотунун Centerra Gold Inс. компаниясындагы КРдин акцияларын тоңдуруп салгандыгын такташат. Бул туурасында аталган ишкананын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кылычбек Шакиров билдирди.

Мурдараак канадалык сот Centerra Gold Inс. компаниясындагы КРдин 6,5 миллион акцияларын тоңдуруу боюнча чечим кабыл алынгандыгы маалымадалган. Бул канадалык доллар менен эсептегенде 20,5 миллион доллар наркында турат. Акциялардын камакка алынышына латвиялык ишкер Белоконь сотко берип утулуп калган доо акчасын — 16,5 миллион долларды кыргыз тараптын төлөбөй келе жатышы себеп болгон. 

Шакировдун айтымында, канадалык соттун чечими таптакыр түшүнүксүз, себеби, "Кыргызалтын" ишканасынын буга чейин аталган ишкер менен эч кандай алыш-катышы болгон эмес. 

"Азыр "Кыргызалтындын" юристтери Онтария сотунун чечимине арызданган жана камак салынган акцияларды бошотуу боюнча документтерди даярдап жатат. "Кыргызалтын" ААКысы эмнеге өлкөнүн өкмөтүнүн чечимдери үчүн жоопкер болушу керек, биз деген жеке компаниябыз да. Бул жерде жагдай түшүнүксүз" — деп айтты Шакиров. 

Ал "Кыргызалтындын" Centerra Gold Inc. компаниясындагы акцияларды камактан чыгарууга мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтты. Буга чейин башка компанияларга Centerra компаниясындагы 4 миллион акцияларды камактан чыгарууга мүмкүн болгон. Бул акциялардын топтому эл аралык доодон улам 2014-жылдын октябрь айында доо коюлган. 

"Кыргызалтындын" Centerra Gold Inc. компаниясында 77,4 миллион акцияга ээ, бул анын жалпы акцияларынын 32,75 пайызын түзөт. Бүгүнкү күндө 57,5 миллиондук баалуу кагаздар ар кыл доолордун негизинде Онтарионун соту тарабынан тоңдурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0