Алкоголдук ичимдик чыгаруучулар ЕАЭБга кирүү кирешелерин кыскартат деп эсептешет

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүАлкогольная продукция
Алкогольная продукция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчүлөр ЕАЭБга мүчө өлкөлөр тараптан агрессивдүү импорттун болушунан майда өндүрүштөр жабылып калат деп кооптонушууда.

БИШКЕК, 27-фев — Sputnik. Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу ичимдик өнөр жайына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деди Sputnik кабарчысына алкоголдук өндүрүмдөрдү чыгаруучу, экспорттоочу жана импорттоочулар ассоциациясынын президенти Акылбек Кунакунов.

Анын айтымында, өлкөнүн ишканаларында чыгарылып жаткан продукция сапаттуу жана экспорттук рынокто атаандаштыкка толук туруштук бере алат. Бирок ошол эле учурда Россия, Казакстан, Беларусь жана Армения сатуу рынокторун кеңейтүүгө муктаж.

"Административдик мүнөздөгү башка бөгөттөр да бар. Алар продукцияны Бажы биирмдигиндеги өлкөлөрдө жүгүртүүдө биздин өндүрүүчүлөргө белгилүү бир тоскоолдуктарды жасайт", — деди Кунакунов.

Ассоциациянын президенти Бажы биримдигине кошулгандан кийин ага тең укуктуу катышуу болоруна ишенип кереги жок деп белгиледи. 

"Россия биздин товарларга айрым бир көзгө көрүнбөс чектөөлөрдү киргизет болуш керек, себеби биздин чыгаргандар ага пайдалуу эмес. Жана азырынча биз ал жакка экспорттоо жөнүндө айта албайбыз, анткени аларда азыр калктын саламаттыгын чыңдоо саясаты жүрүп жатат", — деп билдирди Кунакунов.

Ишкерлер россиялык жана казак өндүрүүчүлөрүнүн бренддери менен бирдей болгон өзүлөрүнүн соода маркалары үчүн тынчсызданып жаткандыгын белгиледи ал.

"Биз ындай бир нече бренд бар экенин аныктадык. "Товардык белгилер жөнүндө" мыйзам бизди куткара албайт. Жана биз жасалма продукциянын пайда болушун күтүп турбайбыз", — деп баса белигиледи ассоциациянын президенти.

Кыргызстандын ЕАЭБга кошулуусунда дагы бир маселе майда ишканалардын биримдикке кирүүчү ири импорттоочуларга атаандаштык кыла албастыгы болот.

"Майда заводдор жабылып калары тууралуу азыр айткым келбейт. Бирок казак кесиптештердин тажрыйбасына таянсак, жергиликтүү ишкерлер мындай маселеге туш болору анык", — деди Кунакунов.

Азыртан эле этил спиртин жана башка ичимдик продукциясын чыгаруу төмөндөп жатат. Бул динге ишенүүчүлөрдүн көбөйгөнүнөн байланыштуу калк аз иче баштаганы менен байланышкан. Өткөн жылы жергиликтүү ишканалар 4,979 миллион декалитр өндүргөн. Бюджетке которуулар 1,148 миллиард сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0