Жогорку-Нарын каскадынын архитектуралык жана инженердик чечими жактырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Нарын гидоэлектрстанциялары. Архив.
Жогорку Нарын гидоэлектрстанциялары. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү шаар куруу кеңеши долбоорду ишке ашырууда анын инженердик жана технологиялык чечимдери туура кабыл алынышынын зарылдыгын айтып, анын архитектуралык жана инженердик чечимин жактырды.

Бишкек, 13-фев, — Sputnik. Нарын облусунун шаар куруу кеңеши Жогорку-Нарын каскадында курула турган ГЭСтин архитектуралык жана инженердик чечимин 12-февралда, бейшемби күнү жактырды. Бул туурасында "Русгидро" ААКтын маалымат кызматы кабарлады.

Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы башкармалыктын жетекчиси Түлөбай Теңешов курулуштун динамикасы жергиликтүү мамлекеттин жана коомдук уюмдардын конструктивдүү кызматташуусуна жараша болорун айтты.

Жогорку Нарын каскадында курула тарган ГЭСтерге 3030 гектар жер зарыл болсо, бүгүнкү күндө Кыргызстан анын 554 гектарын бөлүп берген. Бул туурасында "Жогорку Нарын гидоэлектрстанциялары" ЖАКынын башкармалыгынын кеңешинин төрагасы Игорь Горбенко билдирди. 

"Курулуш иштеринин темпи менен масштабы жерди бөлүп берүүнүн убактысына байланыштуу болот", — деди Горбенко.

Нарындыктарга Жогорку Нарын каскадынын ГЭСтеринин курулушунун долбоорун чийген "Ленгидропроект" ААКтын өкүлү Александр Макаров курулуштун параметрлери жана долбоорлоо-изилдөө иштери боюнча маалымат берди. Ал чийилген долбоорлорду көрсөтүп жатып, долбоорчулар жергиликтүү коомчулуктун каалоосун эске алып, ага өзгөртүүлөрдү киргизгендигин айтып берди. 

"Экономикалык, технологиялык жана экологиялык объективдүү факторлордон улам, айтылган сунуштар толугу менен аткарылбай калышы мүмкүн", — деди Макаров.

Верхне-Нарынский каскад ГЭС строится на русле реки Нарын - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтин курулушу
Шаар курулушу боюнча кеңеш тарабынан Жогорку Нарын каскадынын курулушу жактырылып, аны менен кошо долбоорду ишке ашырууда инженердик жана технологиялык чечимдери туура кабыл алынышынын зарылдыгы да айтылды. 

Жогорку Нарын каскадына гидроэлектрстанцияларды куруу Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган макулдашууга ылайык салынууда. Андан сырткары Ат-Башы ГЭСине кубаттуулугу 240 мегават, же болбосо, миллиард киловат-саат болгон кошумча 4 станция курулат. ГЭСти курууга 10 компания тартылган. 200 киши жумуш менен камсыз болсо, анын жарымы нарындыктар. Жогорку Нарын каскадына салынып жаткан ГЭСтин курулушуна орус тарап 24 миллиард рубль которот. Анын курулушу 2019-жылы аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0