Ош шаарынын бюджети былтыркыга салыштырмалуу 143,6 млн. сомго көбөйдү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: Ош шаары
Архив: Ош шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анонс: Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджетин кабыл алуу үчүн болгон коомдук угуу өттү. Подводка: Ош шаарынын быйылкы жылдык бюджетинин киреше бөлүгү 2014-жылга салыштырмалуу 143,6 млн. сомго көбөйдү.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджетин кабыл алуу үчүн болгон коомдук угуунун учурунда, бюджет 2014-жылга караганда 144 млн. сомго жакын көбөйгөндүгү айтылды. Бул туурасында аталган шаардын мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономикалык каржы маселеси боюнча туруктуу депутаттар комитетинин төрагасы Бекмурза Эргешовдун айтымында, шаардын бюджети 2014-жылга караганда 143,6 млн. сомго көбөйдү.

"Өткөн жылы бюджеттин киреше бөлүгү 787 млн. 70 миң сомду түзсө, 2015-жылы 930 млн 663, 3 миң сомго көтөрүлдү. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 18,2 пайызга көбөйдү", — деп билдирди Эргешов. 

Бюджеттик угууга Ош шаарынын вице-мэрлери, калаа тургундары, бей өкмөт уюмдар, шаардык кеңештин депутаттары катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0