Токон Мамытов: Быйыл алтын аз казылышы мүмкүн деген божомолдор бар

© Фото / kumtor.kgкумтор
кумтор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кумтөр кениндеги алтындын курамы тоннасына 2-3 граммдан чыгып атканын компаниянын эксперттери айтууда.

БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы Токон Мамытов быйыл алтын аз казылып калышы мүмкүндүгүн Кумтөрдүн эксперттери айтып атканын Sputnikтин кабарчысына билдирди. 

Шейшемби күнү cistranfinance порталы быйыл Кыргызстанда алтын мурдагыдан аз казыла турганын Эл аралык валюта фондунун өкүлүнө шилтеме берүү менен маалымдады.

Мамытовдун айтымында, учурда Кумтөр кенинде казылып жаткан кенден тоннасына 2-3 граммдан алтын чыгууда. Кендеги алтын курамынын төмөндөп кеткендигине байланыштуу Кумтөрдүн эксперттери быйыл алтын аз казылышы мүмкүн деген божомолун айтып жатат. 

"Бул болжолдуу гана маалымат. Азырынча быйыл мынча тонна алтын казылып алынат деп так айтууга эрте. Мунун баарын геологиялык чалгындоо, эксплуатациялык иштердин жыйынтыктарын карап чыккандан кийин гана так айта алабыз. Андыктан алдын ала эрте жыйынтык чыгарган менимче туура эмес", — деди ал.

Мамытов алтынды казып алуу жылда эле бирдей болбой турганын кошумчалады. Мындан беш-алты жыл мурда жылына 6, 8, 12 тоннадан алтын казылып алынган. Былтыр жана мурдагы жылдары 16, 18 тоннадай алтын казылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0