"Газпромго" Кытай агенттиги насыялык жогорку "ААА" рейтингин ыйгарды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЗдание Газпрома в Москве
Здание Газпрома в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын адистери ошондой эле Россияга каршы Вашингтон менен Брюссель киргизген санкциялар "Газпромдун" насыялык жөндөмүнө анча таасир бербейт деп белгилешкен. "Газпромдун" жергиликтүү да, чет элдик да валюта аркылуу насыялык жөндөмү өтө жогору деп баса белгиленет баяндамада.

БИШКЕК, 3-фев — Sputnik. Кытайдын Dagong насыя агенттиги "Газпром" компаниясынын рубль жана чет элдик валюта менен берилчү узак мөөнөттүү насыялык портфелине рейтингди "ААА" деңгээлинде койду. Бул эң жогорку көрсөткүчкө туура келет. Ал эми ишканага карата агенттиктин алдын ала божомолдоолору "туруктуу" деп белгиленген деп билдирет РИА Новости.

"Компаниянын материалдык жыргалчылыктарды жаратууга жогорку мүмкүнчүлүгү жана уюм үчүн өз милдеттерин аткарууга жеткиликтүү ресурстар менен материалдык жыргалчылыктарды өндүрүү жөндөмүнүн ортосундагы айрылыштын аздыгы рейтингде чагылдырылды", — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Кытайдын адистери ошондой эле Россияга каршы Вашингтон менен Брюссель киргизген санкциялар "Газпромдун" насыялык жөндөмүнө анча таасир бербейт деп белгилешкен. "Газпромдун" жергиликтүү да, чет элдик да валюта аркылуу насыялык жөндөмү өтө жогору деп баса белгиленет баяндамада.

Насыялык рейтинг деген эмне

Насыялык рейтинг тиги же бул агенттиктин эмитеттин насыялык жөндөмүнө карата берген көз карандысыз баасы болуп эсептелет. Ага таянып рыноктун катышуучулары негиздүү каржылык чечимдерди кабыл ала алышат. Насыялык рейтингдин өзгөрүшүнүн көп түрдүү себептери бар. Бири экономика менен ишкер чөйрөсүндөгү жалпы өзгөрүүлөргө байланыштуу болсо, башкалары тар мүнөзгө ээ жана конкреттүү тармакка тиешелүү жагдайларга байланыштуу болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0