Кыргызстандагы отун-энергетикалык комплекстин иши жөнгө салынат

© Фото / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүгазплита
газплита - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мунай жана газ жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизилди.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Мунай жана газ жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Газ - Sputnik Кыргызстан
"Газпром Кыргызстан" январь айы үчүн газдын тарифтерин белгиледи
Өзгөртүүлөр отун-энергетикалык комплекстин ишин жөнгө салган энергетика тармагындагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында киргизилген.

Алсак, "Мунай жана газ жөнүндө" мыйзамдын 6-беренесинде жер казынасын пайдалануунун, аларды коргоонун, мунай жана газ чыккан жерлерди иштетүүнүн, ташуунун, эксплуатациялоонун жана сатуунун эрежелерин белгилөө боюнча КР өкмөтүнүн ыйгарым укуктары аныкталды.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0