"Казакстан темир жолы" май жүктөлүп токтоп турган вагондор үчүн КРден акча талап кылууда

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүВолгоградский нефтеперерабатывающий завод
Волгоградский нефтеперерабатывающий завод - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак тарап 2014-жылдын 14-апрелинен бери кыргыз-казак чек арасындагы "Луговая" бажы станциясында күйүүчү май жүктөлүп кармалып турган 352 вагон үчүн суткасына 100 доллардан талап кылууда.

БИШКЕК, 13-янв — Sputnik. "Казакстан темир жолы" ишканасы Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан кыргыз-казак чек арасында күйүүчү жана майлоочу май жүктөлүп токтоп турган 352 вагон үчүн суткасына 100 доллардан талап кылууда. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

Архив: бензин - Sputnik Кыргызстан
Серепчи: Майдын баасынын төмөндөшү — биздин бюджетке керексиз популизм
Кыргыз тарап мындай талап негизсиз экенин, келишим боюнча жүк Кыргызстандын чек арасына өткөнкөндөн кийин гана жооп берерин билдирүүдө. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы юридикалык жактан жоопкерчилик албагандан кийин күйүүчү май жүктөлгөн вагондордун токтоп турганы үчүн акы төлөбөй турганын белгилешүүдө.

Күйүүчү май жүктөлгөн вагондор кыргыз-казак чек арасындагы "Луговая" бажы станциясында 2014-жылдын 14-апрелинен бери токтоп турат. Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан Кыргызстанга алынып келе жаткан май казак бажычылары тарабынан декларация туура эмес толтурулган деген негиз менен кармалып турат.

Өткөн жылдын аягында кармалып турган күйүүчү май Кыргызстандын аймагына өтүп жатканы айтылган. Бирок белгисиз себептер менен күйүүчү май жүктөлгөн вагондор толугу менен Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөн эмес. 

2014-жылдын декабрь айынын ортосунда Алматы шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешмесинин алкагындагы жолугушууда Оторбаев Казакстандын премьер-министринен "Луговая" станциясындагы кармалып турган Күйүүчү жана майлоочу майды өткөрүүнү тез арада чечүү маселесин көтөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0