Рублдин наркы кыргыз сомунан да төмөндөдү

Жазылуу
Улуттук банктын расмий курсуна ылайык, кыргыз сому орус рублинен 6 тыйынга кымбат турат.

БИШКЕК, 9-янв — Sputnik. Бишкек шаарындагы акча алмаштыруу жайларынан телефон аркылуу сурамжылоо жүргүзгөндө бир орус рубли 98 тыйындан 1,01 сомго чейин турары аныкталды.

Кыргызстандын Улуттук банкы орус рублинин расмий курсун 9-январда 9,57 пайызга арзандатты. Башкача айтканда, 1,0469 сомдон 0,9467 сомго чейин түшүргөн.

Шаардагы акча алмаштыруу жайларынын бири Sputnik сайтына билдиргендей, учурда орус рублинин айланасында ажиотаж байкалган деле жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0