12:08 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Десятая ежегодная большая пресс-конференция президента России Владимира Путина

Путин: экономикалык көйгөйлөр менен биргелешип күрөшкөн артык

© Sputnik / Владимир Астапкович
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
14 0 0

Владимир Путин Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу учурунда азыркы экономикалык көйгөйлөр менен "жалгыз күрөшүүнүн ордуна", аларды биргелешкен күч-аракеттер менен жеңген жакшы деп билдирди.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин экономикалык көйгөйлөр менен биргелешип күрөшкөн артык деп эсептейт деп билдирет РИА Новости.

"Бүгүн биздин экономика кандай абалда болбосун, күч-аракеттерди бириктирүү кыйынчылыктар менен жалгыздан күрөшкөндөн артык экенине ишенем", — деди Россия мамлекетинин башчысы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда.

Путин кесиптешин КРдин Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу менен куттуктады. Россия лидери "(кыргыз адистеринин) бардык командасы натыйжалуу, тез жана билгичтик менен иштеши" Кыргыз Республикасынын ЕЭБга кошулуусуна шарт түзгөндүгүн белгиледи.

(1:10 / 7.22Mb / )
© Пресс-служба президента КР
Кыргызстан менен Россиянын президенттери Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсүн талкуулашты

Евразиялык экономикалык биримдик — евразиялык интеграциялоонун алкагында Россия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын Бажы биримдигинин негизинде 2015-жылдын 1-январынан тартып түзүлүп жаткан экономикалык биримдик. Экономика тармагында мамлекеттер аралык интеграциялоонун алкагында кызматташтык мурдагы советтик мейкиндикте 1990-жылдардын аягынан бери жүргүзүлүп келе жатат. 1999-жылдын 26-февралынан тартып Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик тууралуу Келишимге кол коюшкан.

Тема:
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)

Тема боюнча

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документке кол коюлду
Атамбаев: КРдин ЕАЭБке кошулушунун ачык жана адилеттүү параметрлери аныкталды
Кыргызстан менен Россиянын президенттери Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсүн талкуулашты
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, Бажы биримдиги, Владимир Путин, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ