Атамбаев: КРдин ЕАЭБке кошулушунун ачык жана адилеттүү параметрлери аныкталды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАлмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва шаарында мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Евразиялык экономикалык биримдикке Кыргызстандын кошулушу тууралуу келишимге кол коюлду.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулушунун ачык жана адилеттүү параметрлери аныкталгандыгын белгиледи, деп билдирди президенттин аппаратынын маалымат кызматы.

"Кыргызстан үчүн бирдиктүү бажы тарифине өтүүдө эсептөөнүн өлчөмү, келишимдин күчүнө кирүү мөөнөттөрү, бирдиктүү бажы тарифинин колдонулушунун жана кыргыз-казак чек арасындагы бажы контролун алып салуунун даталары аныкталды", — деди Атамбаев.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документке кол коюлду
Президент ошондой эле Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болуп калаарына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Мамлекет башчылары улуттук мыйзамдарын Евразиялык экономикалык биримдиктин укуктук базасына шайкеш келтирүү боюнча Кыргызстан чоң иш аткаргандыгын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0