Мамлекеттик салык кызматы эки арак заводунун лицензиясын бир айга токтотту

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАрхив: арак завод
Архив: арак завод - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматы лицензиянын талаптарын аткарбагандыктан эки арак заводунун лицензиясын бир айга токтотту.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. Лицензиянын талаптары аткарбаган эки арак заводунун лицензиясы бир айга токтотулганын Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Бишкек АлкоПром" менен "ВинГрад" ЖЧКсы этил спортун жана алкоголдук продукцияны чыгарып сатуу боюнча КР мыйзамын бузган.

"Документке ылайык, өндүрүүчүлөр лицензияны алгандан баштап бир жыл ичинде арак өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмүн акциздик салыктарды төлөө менен 50 миң декалитрден кем эмес чыгарышы керек болчу", — деп айтылат МСК тараткан маалыматта.

Андыктан лицензия бир айга токтотулду. Эгер белгиленген мөөнөттө ишканалар лицензиянын талаптарын аткарбаса, алардын иши лицензияны жокко чыгаруу үчүн сотко берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0