Түштүк Кореялыктар Кыргызстанды жер семирткич менен камсыздоого кызыгууда

© Sputnik / Галина Кмит / Медиабанкка өтүүАрхив: буудай
Архив: буудай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Кореялык ишкерлер алар сунуштай турган жер семиркичтер республикадагы арзан жана сапаттуу продукциялардан болоруна убада беришүүдө.

БИШКЕК, 22-дек—Sputnik. Түштүк Кореядан келген ишкерлер инвестиция салуу үчүн Кыргызстандын рыногун изилдеп, жер семирткичтерди өндүрүүгө кызыгып жатат. Бул боюнча делегация өкүлдөрү Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев менен жолукканда билдиришти. 

Архив: Ош базар - Sputnik Кыргызстан
Бажы биримдиги айыл чарба продукцияларына суроо-талаптарды өстүрмөкчү
Жолугушууда сөз "BIO HT" деген аталыштагы минералдык экологиялык жактан таза делген жер семирткичтер туурасында жүрдү деп билдирди аталган минстрликтин маалымат кызматы. 

Түштүк Кореялыктардын делегациясынын жетекчиси Канг Сон Хо алар өндүргөн продукция дүйнөнүн көп өлкөлөрдүндө колдонулуп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын рыногуна алып келүү үчүн тиешелүү текшерүүдөн өткөрүү үчүн жер семирткичтин үлгүсүн сунуштоого даяр.

Анын айтымында, бул жер семирткич Кыргызстандын рыногундагы колдонулуп жаткан башка продукциялардан сапаты боюнча кем калбагандыгын жана баасы жагынан арзан түшөөрүн билдирди. 

Рыноктук мамилелерде продукциянын сапаты жана баасы маанилүү экендигин айткан министр, сыноодон өткөрүү боюнча мамлекеттик мекеме катары дыйкандар менен фермерелерге сунуштай алышаарын гана билдирди. 

"Биздин фермерлердин кызыкчылыгын коргоо катары айтсам, жер семирткичтерди түз алып келбестен, аны чыгарган заводду Кыргызстанга курууну сунуштаар элем. Ошондо гана биздин дыйкандар анын сапатына ишенип, иштеткен талааларына пайдалануу үчүн узак мөөнөттү келишимдерди түзмөк", — деди министр Айдаралиев. 

Министр Айдаралиев Кыргызстанда учурда дагы бир түштүк кореялык ишкана жылына 1 миллион тонна минералдык жер семиркичтердин төрт түрүн чыгарууну пландап жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0