15:41 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Алмазбек Атамбаев принял председателя Национального банка Толкунбека Абдыгулова

Президент УБ төрагасы менен өлкөнүн финансы рыногундагы абалды талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев.
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
10 0 0

Президент УБ төрагасына кошуна өлкөлөрдүн экономикалык кырдаалына мониторинг жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 22-дек—Sputnik. Президент Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, тышкы таасирлердин улуттук экономикага келтирген тобокелдиктерин азайтууну талкуулады. Бул туурасында президенттин маалымат бөлүмү кабарлады. 

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жана УБ төрагасы каржы мекемелеринин жана ишкерлердин арзан жана узак мөөнөттүү кредиттерди алууну жакшыртууга байланышкан каржы секторун өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулады.

Президент Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдүн экономикалык кырдаалына УБнын мониторинг жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Андан сырткары улуттук экономикага тийүүчү тышкы таасирлердин кесепетин жана тобокелдиктерин болушунча азайтуу керектигин айтты. 

Мындан бир нече күн мурда УБ төрагасы Толкунбек Абдыгулов өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен жолукканда, премьер өлкөнүн финансы рыногундагы жагдайды көзөмөлдөп турууну тапшырган.

Тема боюнча

Рублдин кунунун түшүшү эмгек мигранттарына кыйынчылык жаратты
Эксперт: рублдин кунунун түшүшү КР экономикасына да таасир берет
Белгилер:
Улуттук банк, Жоомарт Оторбаев, Толкунбек Абдыгулов, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ