02:14 08 Бештин айы 2016
Түз эфир
Прохожие на заснеженной улице

Сиңирген эмгегине жараша пенсияга кошулчу төлөмдү кыскартуу сунушталууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
18 0 0

КР Социалдык фонду сиңирген эмгегине жараша пенсияга кошулчу төлөмдү кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга салды.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Өзгөчө сиңирген эмгегине жараша пенсияга кошулчу төлөмдөрдү кыскартуу менен 2015-жылы 2,5 миллион сомду үнөмдөө пландалууда. Тийиштүү мыйзам долбоорду КР Социалдык фонду коомдук талкууга алып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам долбоору пенсия алуучулардын категориясын жана республикалык бюджеттин чыгымдарын жакшыртууга багытталган.

"Мамлекет тарабынан кошумча төлөмдөр белгиленген. Бул белгиленген төлөмдөрдү кайтадан карап чыгуу кажет. Учурдагы Жобо боюнча Кыргызстанга өзгөчө кызмат өтөгөн деген статустагы жарандардын пенсиясы 60 миңден 120 миңге чейин чыгууда. Ошондой эле персоналдык ардагерлер адистештирилген медициналык жардам алууга укугу бар. Жана жылдык социалдык муктаждыктарына бир айлык пенсиясынын көлөмүндөгү каражат каралган", — деп айтылат билдирүүдө.

2010-жылга чейин жеңилдикти 38 категориядагы жаран алып келген. 2010-жылдын 1-январынан баштап электр кубатына болгон тарифтин өзгөрүшүнөн улам акчалай компенсация төлөп берүүгө өткөн. Персоналдык ардагерлер жеңилдик алуучулардын катарынан чыгарылган. Бирок аларга социалдык колдоо кылуу максатында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиясына кошулчу төлөм 30дан 60 пайызга, 40тан 75ке, 50дөн 80 пайызга жана 100дөн 120 пайызга чейин жогорулатылган.

2010-жылы персоналдык кошумча төлөмдүн көлөмү 3 миң 609 сомду түзсө, жеңилдиктин орточо наркы 1 миң 394 сом болгон. 2014-жылдын 1-октябрына алынган маалымат боюнча кошумча төлөмдүн көлөмү 6 миң 152 сомду түзүп, жеңилдиктин орточо наркы 1 миң 781 сомду түзгөн.

Мыйзам долбооруна ылайык, өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияга кошулган төлөмдү 120 пайыздан 100 пайызга, 80ден 70 пайызга, 75тен 65 пайызга, 60тан 50 пайызга чейин төмөндөтүү каралууда.

Тема боюнча

Социалдык фонд калктын пенсияга чыгуу жашын жогорулатпайт
Белгилер:
Социалдык фонд

ЭҢ МААНИЛҮҮ