Кыргызстандын бардык аймактарында күйүүчү май арзандады

Жазылуу
Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында күйүүчү жана майлоочу майдын баасы 1 сомдон 4 сомго чейин арзандады.

Архив: күйүүчү майлар - Sputnik Кыргызстан
Нефтетрейдерлер күйүүчү майлардын баасынын арзандарын болжошууда
БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрынан тарта өлкөнүн бардык аймактарында АИ-92 маркасындагы бензин 1 сомго арзандаган. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, АИ-80 үлгүсүндөгү бензин түндүк аймакта 1 сомго арзандаса, түштүк аймакта 2 сомго арзандаган.

"Күйүүчү жана майлоочу майдын арзандашына май өндүргөн заводдордун майга койгон баасын төмөндөтүшү да түрткү болгон. Андан сырткары нефтини кайта иштетүүчү бир нече ири заводдордо оңдоо иштери аяктаганы да таасирин берсе, күйүүчү майга болгон талаптын сезондук төмөндөшү да арзандоого негиз болду", — деп билдирди нефтетрейдерлер ассоциациясы.

Ассоциациядан билдиргендей, бул экинчи этаптагы арзандоо. Алгачкы арзандоо 30-ноябрда болуп, анда АИ-80 маркасындагы бензин элүү тыйынга төмөндөсө, жайкы дизелдик май 1 сомго арзандаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0