"Дастан" заводунун келечеги Россиядан келчү буйрутмаларга байланыштуу

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАрхив: РФтин Түндүк флотунун аскердик машыгуулары.
Архив: РФтин Түндүк флотунун аскердик машыгуулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дастан" заводунун чыгарган продукцияларына Россиянын аскер өнөр-жай комплекси абдан чоң маани берет. Аталган завод мыкты делген 10 ишкананын катарында турат.

БИШКЕК, 24-ноя — Sputnik. КР вице-премьер-министри Валерий Диль Россиядан келген делегация менен биргеликте "Дастан" улут аралык корпорациясына барды. "Дастан" заводуна буйрутма берүү максатында келген россиялык делегацияны "Восток гидромаштын" башкы директору Вячеслав Быков жетектеп жана Россия Федерациясынын аскер-өнөр-жай комплексинин өкүлдөрү коштоп келген. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү жума күнү билдирди.

"Дастан" заводу мыктылардын катарындагы 10 ишкананын бири, аны заманбап жабдуулар менен камсыздоо керек. Россия "Дастан" корпорациясы өндүргөн продукцияга кызыкдар", — дейт Вячеслав Быков.

Вице-премьер-министр Валерий Диль ишкана кыйынчылыктарга карабастан, чет жакта да талап кылынып жаткан продукцияларды чыгарууга аракеттенип жатканын билдирди.

"Дастан" заводунун келечеги Россиядан келчү тапшырыктарга байланыштуу", — деп белгиледи Валерий Диль.

Дастан заводу "Физикалык приборлор" заводу деп 1956-жылы түзүлүп, он тогуз жылдан кийин "Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы прибор куруучу завод" деп өзгөртүлгөн.

1993-жылы "Дастан" Улут аралык корпорациясы" болуп кайтадан түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0