Бишкектеги ооруканалар республикалык каржылоого өтөт

Жазылуу
Калкка бирдиктүү медициналык тейлөө шартын түзүүчү токтомдун долбоору сунушталды.

БИШКЕК, 20-ноя — Sputnik. КР вице-премьер-министри Эльвира Сариева саламаттык сактоо уюмдарын жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которуу механизмдери боюнча шаршембиде жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо, Каржы министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун өкүлдөрүнөн турган эксперттик топ мүчөлөрү калкка бирдиктүү медициналык тейлөө шартын түзүүчү КР өкмөтүнүн токтом долбоорун сунуштады.

Вице-премьер-министр белгилегендей, саламаттык сактоонун бирдиктүү тутумун түзүү маселеси буга чейин эле көтөрүлүп келген, бирок тараптардын пикири келишпегендиктен бул аракеттер узакка созулган.

"Калкка бирдиктүү медициналык тейлөө шартын түзүү үчүн муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөрүп берүүгө мүмкүндүк түзгөн келишимге кол коюлду. Бул кадам борбордогу каржылоо ченемдери аймактарга салыштырмалуу төмөн болгондуктан, республикалык бюджеттин өзгөрүүсүнө алып келет, ал эми биздин максат – өлкөнүн кайсы тарабында жашагандыгына карабастан, жарандарды сапаттуу тейлөө менен камсыздоодо турат", — деп белгиледи Эльвира Сариева.

Болжолдонгондой, социалдык объектилердин көрсөтүлгөн категорияларын республикалык бюджеттен каржылоого которуу 2015-жылы ишке ашырылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0