Топоздун этинен ооз тийип кетиңиз

© Sputnik / Шидловский / Медиабанкка өтүүАрхив: Жайлоодогу топоздор.
Архив: Жайлоодогу топоздор. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эт — кыргызстандыктардын экспортко чыгарылуучу негизги продукцияларынын бири.

БИШКЕК, 18-ноя — Sputnik. Бүгүн Бишкекте "Топоздун этин жеп көрөбүз" деп аталган иш-чара өтөт. Бул туурасында айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Топоздун эти өзүнүн башкача даамы жана дарылык касиети менен айырмаланат.

Иш-чаранын максаты – тоолуу аймактарды байырлаган топоздун этин чакырылган чет элдик конокторго ооз тийгизип, алардын кызыгуусун арттыруу.

"Бул иш-чара биздин эт продукцияларыбызды сырткы базарларга алып чыгып сатууга жол табууга жардамчы болот", — деп айтылат аталган министрликтин билдирүүсүндө.

Акыркы учурларда Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды жарнамалаоо максатында ар кыл фестивалдарды өткөрүү салтка айланып бара жатат. Ноябрдын аягында Жалал-Абад шаарында да кыргыз жаңгагына арналган фестиваль өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0