Транспорттук техника алуу үчүн "Кыргызкөмүргө" 50 млн. сом бөлүндү

Жазылуу
Атайын техникалар сатылып алынса, "Кара-Кече" борбордук кен өндүрүү тилкесинде көмүр казуунун көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк түзүлөт.

БИШКЕК, 13-ноя — Sputnik. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына көмүр өндүрүү жана ташуу үчүн техника алууга 50 миллион сом бөлүндү. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү бейшемби күнү билдирди.

Маалыматка ылайык, "Кыргызкөмүрдүн" менчик техникалары жок богондуктан экскаваторлор, самосвал, авто жүктөгүчтөрдү ижарага алып иштетип келген. Ижара акысына эле бир жылда 25 миллион сом сарпталган.

Элүү миллион сом суммасындагы үстөксүз бюджеттик ссуда тоо транспорттук техниканы сатып алууга берилет. Техникалар сатылып алынса "Кара-Кече" борбордук кен өндүрүү тилкесинде көмүр өндүрүү көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк түзүлөт.


Жаңылыктар түрмөгү
0