Казакстанга сүт менен этти экспорттоо акырындык менен жолго коюлууда

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАрхив: сүт азыктары
Архив: сүт азыктары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясын өз рыногуна акырындык менен киргизип баштайт.

Эки өлкө соода жүгүртүүсү 1 миллиард доллардан ашкан
БИШКЕК, 11-ноя — Спутник Кыргызстан. Казакстанга сүт жана эт азыктарын экспорттоодо келип чыккан тоскоолдуктар акырындык менен алынууда. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга болгон иш-сапарынын жыйынтыгы боюнча уюштурулган маалымат жыйында билдирди.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы 7 сүт заводу үчүн чектөөлөр алынганын маалымдаганын министр өз сөзүндө баса белгиледи. Тийиштүү анализдер жүргүзүлүп, сертификациядан өткөндөн кийин кыргызстандык 3 завод менен 1 балык чарбасына киргизилген чектөө да алынмакчы.

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Казакстандын аймагына төмөндөгү кыргызстандык фирмалар сүт азыктарын алып кирет:

 

  • "Ак-Жалга" ЖАК;
  • "Кант-Сүт" ЖЧК;
  • "Бишкек-Сүт" ААК;
  • "Урсус" ЖАК;
  • "Умут и К" ЖЧК; 
  • "Сүт Булак" ЖАК;
  • "Ак-Сүт" ААК.

 

Кыргызстандык башка фирмалардын өз продукцияларын алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилген.

Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга болгон иш сапары учурунда казак президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарынын 90% Казакстанга экспорттоло турганын айткан болчу.

Эскерте кетсек, ушул эле иш сапардын жыйынтыгында Кара-Балта шаарындагы "Жунда" нефтини кайта иштетүүчү заводуна 100 миң тонна чийки нефтини жеткирүү боюнча сүйлөшүүгө да жетишилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0