Окумуштуулар шамшар тиштүү чоң мышыктар эмне себептен тукум курут болгонун аныкташты

© AP Photo / Damian DovarganesМузей естественной истории округа Лос-Анджелес, США.
Музей естественной истории округа Лос-Анджелес, США. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер аталган жаныбарлар 14-15 миң жыл мурда тукум курут болгонун белгилейт.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Окумуштуулар Түштүк Америкадагы шамшар тиштүү көлөмдүү мышыктар эмне себептен тукум курут болгонун аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости Science Advances журналына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Түштүк Америкада жашаган шамшар тиштүү чоң мышыктар ал жака адам баласынын отурукташуусунан эмес, климаттын катаал шартынан улам жапырт кырылган.

"Изилдөөлөргө ылайык, Америкада күн кечирген мастадонттор сыяктуу эле алар да катуу ысыктан улам өлүмгө учурашкан", — деп айтылат маалыматта.

Окумуштуулар аталган жаныбарлар 14-15 миң жыл мурда тукум курут болгонун белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0