ММК: террористтер куралды Facebook аркылуу сатып алышат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүFacebook социалдык тармагы. Архив
Facebook социалдык тармагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылмадагы маалыматка ылайык, акыркы жылдары Facebook социалдык тармагында көптөгөн онлайн-дүкөндөр ачылган. Ал жактан пистолеттен тартып, ракеталарга чейин сатып алууга болот.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Террористтер дүйнө жүзү боюнча курал жаракты Facebook аркылуу сатып алышат. Бул тууралуу РИА Новости New York Times басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Басылмадагы маалыматка ылайык, акыркы жылдары Facebook социалдык тармагында көптөгөн онлайн-дүкөндөр ачылган. Ал жактан пистолеттен тартып, башкарылуучу ракеталарга чейин сатып алууга болот.

Сак болуңуз! Facebook социалдык тармагында My first video аттуу вирус жайылууда
Социалдык тармактын колдонуучулары жабык баракчаларга товарлардын сүрөттөрүн киргизип жатканы макалада баса белгиленген. Мындай онлайн-дүкөндөр "Ислам мамлекети" террордук уюму жайгашкан аймактарда көп кездешет. Мисалга Ливия менен Сирияны келтирүүгө болот. 

Ушул жуманын ичинде эле New York Times гезитинин журналисттери жети шектүү баракчаны Facebook компаниясына маалымдашкан. Алардын алтоосу жабылганын басылма билдирди. 

Мындан сырткары, New York Times басылмасы Facebook социалдык тармагына контрабандисттер дагы жарыяларын таратып жатканын билдирет. Алар каалоочулардын бардыгын Греция жээгине жеткирүү боюнча кызматтарын сунушташкан. 

Эске салсак, Facebook үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта куралдарды онлайн сатууга тыюу салган. Ал эми лицензиясы бар сатуучуларга соцтармакта жарнамалоого уруксат берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0