ЖМК: Брюсселдеги бомбаны табууга согушкерлерди ташып келген таксист жардам берди

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүБрюссель полициясы. Архив
Брюссель полициясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Такси айдоочусу террорчу жүргүнчүлөр өзү менен алып жүргөн жүгү бар экенин айткан. Кийин анда жарылуучу түзүлүштөр бар экени аныкталган. Бир сумканы согушкерлер Брюсселдин аэропортуна ташташса, экинчиси Скарбек коммунасындагы үйлөрдүн биринен табылган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Полиция кызматкерлери Брюсселдеги аэропорт менен Скарбек коммунасындагы үйлөрдүн бирине ташталган бомбаны террорчуларды аба майданына жеткирип келген таксисттин маалыматы менен табышкан. Бул тууралуу Derniere Heure басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Таксинин айдоочусу терактыдан кийин укук коргоо органдары менен байланышып, жүргүнчүлөр үч эмес, андан көп баштык менен түшүшкөнүн айткан. Дал ушул маалымат аэропорттогу жарылбай калган экинчи бомбаны табууга жардам берген.

Брюсселдеги мекендеш: жарылуу болгон метродон беш мүнөт мурда өткөм
Мындан тышкары, аталган таксист террорчулар унаага түшкөн Скарбек коммунасындагы үйдүн дарегин да айтып берген. Анын билдирүүсү боюнча террорчулар андан да көп баштык алууну ойлошкон, бирок айдоочу ага уруксат берген эмес. 

Айтылган дарек боюнча Бельгиянын федералдык прокуратурасы тинтүү жүргүзүп, үйдүн ичинен жарылуучу түзүлүш, химиялык заттарды жана "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун желегин таап чыгышкан.

Мындан тышкары, басылма укук коргоо органдары терроризм боюнча мамлекеттик коопсуздук кызматынын "кара тизмесинде" турган жашоочуга таандык Renault Clio жана Audi S4 унааларын издеп жатканын белгилейт.

Эскерте кетсек, кечээ, 22-март күнү Бельгиянын борбору Брюссель шаарынын аэропортунда, андан кийин метронун эки станциясында беш ирет жардыруу болду. Кырсык кесепетинен 34 адам каза болуп, 230 киши жарадар болду. 

Терактылардын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" тобу мойнуна алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0