Independent: түрк чек арачылары сириялык качкындарга кол көтөрүүдө

© AFP / DIMITAR DILKOFFЧек арада кезекте турган качкындар. Архив
Чек арада кезекте турган качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сириялык качкындар түрк чек арачыларынын осол мамилесине даттанышууда. Independent басылмасы Түркиянын аймагына кирүүгө аракет кылган сириялыктардын арасында каза болгондор өсүп жатканын жергиликтүү дарыгерлер билдирип жатканын жазды.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Сирия – Түркия чек арасынан өтүүгө аракет кылган сириялык качкындарга түрк чек арачылары такай кол көтөрүп, ур-соккуга алып жатканын Independent басылмасы активисттердин жана адам укуктарын коргоо уюмуна шилтеме берүү менен билдирет.

Алеппо шаарынан жакында эле көчүп келген сириялык үй-бүлө түрк чек арачылары качкындарга карата ок чыгарып, чек арадан өтүп Түркиянын аймагына кирүүгө аракет кылгандарды сабаганын айтат. Түрк өкмөтү чек арачыларга террористтер, жергиликтүү контрабандисттер такай кол салгандыктан кээде эскертүү үчүн ок чыгарарын жашырбайт деп басылма түрк аткаминерине шилтеме берүү менен маалымдайт.

Эрдоган ЕБ мамлекеттери менен болгон чек арасын качкындар үчүн ачам деп коркутту
Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Сириянын Аазаз шаарындагы ооруканага күн сайын Түркиянын аймагына өтүүдө жаракат алган жок дегенде бир-эки киши келип түшөрүн билдирген. Жергиликтүү оорукананын дарыгери Али Аль-Салум ок атуудан түрдүү жаштагы жарандар жаракат аларын тастыктаган. Жакында эле бир жаштагы кыз башына ок тийип каза болгон. Буга чейин чек арадан өтүүгө аракет кылган качкындар оор жаракат алышса, эми каза болуп калгандары да бар экенин дарыгер айтканынан таянып Independent маалымдайт.

Буга чейин Европа биримдиги Анкарадан Сириядан Европага келип жаткан качкындардын агымын азайтууну талап кылган. Ошол эле учурда согуш болуп жаткан аймактан качкандардын коопсуздугун сактоону да эскерткен. Түрк өкмөтү сириялык качкындарга карата алар өз иштерин ачык аткарып жатканын маалымдаган. Бирок, укук коргоочулар шашылыш медициналык жардамга муктаж болгондор гана Түркиянын аймагына өткөрүлүп жатканын билдиришүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0