ЖМК: ДАИШ бирөөлөрдүн көз жашынан мунайдан кем эмес акча табат

© AFP / MARWAN IBRAHIMИслам мамлекетинин желеги. Архив
Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогулган каражаттар жаңы келгендерге айлык акы катары төлөнөт. Террорчулар оокаттуу жарандардын капиталынан түшкөн акчанын 2,5 пайызын шыпырып алат. Топтун каражат булагы — рэкет жана тартып алуу.й

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. "Ислам мамлекети" (ДАИШ) террордук тобу "салыктардан", ур-токмок менен тартып алган оокаттардан түшкөн каражат өздөрү басып алган аймактагы мунай заттардан тапкан акчадан кем эмес. Бул туурасында Financial Times гезити жазды.

"Террордук топторго оңбогондой акча алып келип жаткан Сириядагы мунай чыккан жерлерди АКШ, Франция, Россиянын учактары бомбалап салса да, ДАИШ башка "салыктардын" эсебинен жашап кетет", — деп жазат гезит.

"ДАИШтин каракчылык, талап-тоноочулуктан тапкан каражаттары мунай заттардан (сатуудан) түшкөн акчадан кем калбастыгын Financial Times иликтеп чыкты", — деп жазат басылма.

Алардын маалыматында түшкөн каражаттардан жаңы келгендерге айлык акы төлөшөт. Террорчулар, оокаттуу жарандардын капиталынан түшкөн акчанын 2,5 пайызын шыпырып алат. 

Гезит согушкерлер аталган үлүштү "ДАИШ соода-сатыктан, айыл чарбасынан, которулган каражаттардан табат" деп жазды.

Наркобарон ДАИШ террорчуларына сөөмөй кезеди
Алар кол салып кирип баргандан кийин талап-тонолгон оокаттардын бештен бир бөлүгү тоногон кишиге берилет да, калгандарын базарга алып чыгып жарым баасына соодалап жиберишет. ДАИШ мүчөлөрү ал оокаттарды жарым баасына алат.

Согушкерлердин акча тапкан дагы бир булагы – Түркия менен Сириянын чек арасы болуп чыккан. Ал жерде Сирияга азык-түлүк жана курулуш материалдарын ташып бараткан 600дөй жүк ташуучу унаалар кезек күтүп, анан киришет. Ал жердеги айдоочулар менен сатуучулардын айтымында, болгон товарлардын баары согушкерлер көзөмөлүндөгү аймактар аркылуу өтөт.

Биз сатып жаткан оокаттардын 90 пайызы учурда ДАИШтен көз каранды болуп калган деп кошумчалашкан алар.

Жаңылыктар түрмөгү
0