Washington Post: өчүп бараткан "америкалык кыялдар" жаштарды кызыктырбай калды

© AFP / LAURIE DIEFFEMBACQАКШ желеги. Архив
АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоонун натыйжасы көрсөткөндөй, АКШ жарандары өз турмуш жолун тандоо эркиндигин маанилүү деп эсептебей калды, болгондо да "америкалык кыялды" өлүк же кол жеткис дегендердин саны өсүүдө.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Эки миңинчи жылдардын муундары деп эсептелген америкалык жаштардын арасында келечекке чөгүңкү маанайда карагандар өсүп жатканын The Washington Post гезити менен The Fusion poll агенттиги биргелешип өткөргөн изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөттү. 

Сурамжылоо: америкалыктар полициянын арасында расистик маанай бар экенин белгилешет
Сурамжылоого 18 жаштан 34кө чейинки катардагы жарандар катышып, аларга "америкалык кыялды" кандай түшүнөсүңөр деген 1986-жылдагы суроо кайта берилген. АКШнын улуттук идеясы өлүккө айланды дегендердин саны отуз жылдан бери 12 пайыздан 29 пайызга өсүптүр, болгондо да алар ак түстүү калктын арасында көптүк кылган. 

Буга жогорку мектепти бүтүрбөгөн американын ар бир жаш жараны макул, ал эми мурдагы сурмжылоодо "кыял" туурасында идеяны ишке ашпайт деп ар бир бешинчи адам эсептегени аныкталган. Гезиттин кабатырланганы, жаштардын билими канчалык жогору болсо, көңүл калуусу ошончолук күчтүү болуп чыкты. 

Улуттук идеяны өтө жактоочулардын саны жарымга кыскарган – 1986-жылы алар 32 пайызды түзсө, азыр 16 гана. Өз оюн өзгөртө электер бул кыялга жетүү оорлоп калды дешет. 

Анан калса, "америкалык кыялды" элестеткен артыкчылык маанидеги тилектер да алмашып, 30 жыл мурун жарандардын 80 пайызы эң башкысы "өз жолун тандоо эркиндиги" дешсе, 76 пайызы америкалыктар жеке турак үйүм болсо деп кыялданып, 73 пайызы балдарын колледжде окутсам деп тилек кылышкан. Ал эми бүгүнкү күндө америкалыктардын 68 пайызы жеке ишкердик кылгысы келет, 67 пайызынын балдары колледжде окутууга эки көзү төрт. Ал эми 65 пайызы өзү колледжде билим алсам деп кыялданат. Эркиндик деген түшүнүк алдыңкы үч тилекке кирбей калган.

Сурамжылоо: кыргызстандыктар көчүп барууга РФтин кайсы аймактарын тандашат?
Ошентсе да, "америкалык кыялдын" башкы бөлүгүн түзгөн байлык азыр жаштардын арасында маанисин жоготуп баратат. Аны көздөгөндөр азыр 29 пайыз, ал эми отуз жыл мурун 40 пайыз болчу.

Изилдөөнүн авторлору мындай натыйжалар 2008-жылдагы дүйнөлүк каржы каатчылыгына байланыштуу деп эсептейт. Ошонун айынан азыркы 20 жаштагы америкалыктар 80-жылдардын ортосундагыдай эле жумуш таба албай кыйналууда. Бирок АКШ өндүрүшүнүн азыркы төмөндөшү олуттуу деп эсептелбесе да, отуз жыл мурун жаштардын көбүрөөгү "америкалык кыялды" азыркыга караганда кол жетээрлик деп эсептешчү. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0