Түрк премьер-министри өлкөдөгү бардык балдарга колукту таап берерин айтты

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүТүркиянын премьер-министр Ахмет Давутоглу. Архив
Түркиянын премьер-министр Ахмет Давутоглу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ахмет Давутоглунун айтымында, кээде ата-энелер өз баласына кимдин кызын алып берерин билбей калышат. Андыктан бул татаал маселеде ал жигиттерге жардам бере турганын айтты.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Түркиянын премьер-министр Ахмет Давутоглу өлкөдөгү жигиттерге колукту табууда жардам берем деп сөз бергенин Hurriyet гезити жазып чыкты.

Учурдагы башкаруучу партияны жетектеген түрк премьер-министри шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда жаштардын маселесин чечүүгө жардам бере турганын айтты.

"Эгер ата-энеңер силерге колукту таба албай атса, мага кайрылгыла – биз жардам беребиз", — деди Давутоглу.

Анын айтымында, партиянын жумушчуларды жана ишкерлерди колдоо программасында ылайыктуу колукту табуу негизги бутактардан болуп эсептелет.

"Иштей турган ишиңер болсо, жакшы айлык аласыңар, дагы эмне керек? Колукту. Бул өлкөнүн бардык жарандары гүлдөп-өсүп, тукумун улап, жакшы иштешин каалайбыз", — деди ал.

Мөөнөтүнөн мурда дайындалган парламенттик шайлоо Түркияда 2015-жылдын 1-ноябрында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0