Charlie Hebdo журналынын жаңы саны Парижде иш күнү башталганча сатылып кетти

© AFP / Jean Pierre MullerНовый выпуск Charlie Hebdo раскупили за считанные минуты
Новый выпуск Charlie Hebdo раскупили за считанные минуты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналды сатып алуучулар гезит киосктору ачылганга чейин эле кезекке туруп, журнал саналуу мүнөттөрдө эле сатылып кетти.

БИШКЕК, 14-янв — Sputnik. Charlie Hebdo журналынын биринчи бетинде Мухаммед пайгамбардын сүрөтү басылган жаңы саны Париждин гезит сатуучу киоскторунда таң эртеде эле калбай калды деп билдирет РИА Новости. 

Парижде ок атуулар кайра башталды
Сатиралык француз журналынын жаңы саны 7-январь күнү редакцияда болгон кандуу теракттан кийинки биринчиси болду. Журналдын сырткы бетинде Мухаммед пайгамбар тартылган. Ал окурмандарды ак кийимчен жана капалуу карап турат. Пайгамбар колуна Je suis Charlie ("Мен Шарлимин") деген жазууну кармап алган. Ал эми пайгамбардын баш жагында Tout est pardonne ("Баары кечирилди") деген жазуу бар.

Франция борборунун көчө киоскторунун алдында кезек күтүүчүлөр топтошуп турат, бирок сатуучулар журнал жок калгандыгын айтууда.

"Мен бүгүн журналдын 40 көчүрмөсүн алгам, бирок бири да калган жок. Эртең келгиле, бизге шаршемби жана жума күндөрү журнал дагы келип түшөт деп убада кылышты. Бир кишиге бирден сатуу деген чек болбойт, кааласаңар, онду алгыла", — дейт сатуучу.

Анын айтымында, журналды сатып алганга элдер киоск ачылганга чейин эле кезекке тура баштаган, бирок ал заматта эле сатылып кеткен. 

Журналга жетпей калгандар Liberation гезитин алып жатышат. Анда Charlie Hebdo журналынын биринчи бети чагылдырылган.

Журналдын жаңы санында Мухаммед пайгамбардын карикатуралары, дин жана саясат темасындагы жаңы мыскылдар жарыялана тургандыгын журналдын адвокаты Ришар Малка мурдатан билдирген эле.

"Албетте, биз артка чегинбейбиз, антпесе мунун баарынын мааниси жок болот", — деп белгиледи юрист.

Редакцияда бул санды "аман калгандардын" саны деп аташат, аны Charlie Hebdo журналынын теракттан кийин тирүү калган кызматкерлери сырттан журналисттерди чакыруусуз өзүлөрү даярдады.

Парижде басылмаларды сатуучулар убада кылгандай, Charlie Hebdoнун "аман калгандарынын" бул санын келерки күндөрү да сатып алууга болот. 

Мындан сырткары, журнал чыгар алдындагы түнү башка басылманын кызматкерлери редакцияны коркуткан мазмундагы электрондук кат алышты. Катта "Эми кезек силердики" деп жазылган. Буга байланыштуу ЖМК күзөтү күчөтүлмөкчү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0