Сирия БУУдан Израилге каршы санкцияларды киргизүүнү талап кылды

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүАрхив: Сириянын ТИМи БУУдан Израилге каршы санкцияларды киргизүүнү талап кылды
Архив: Сириянын ТИМи БУУдан Израилге каршы санкцияларды киргизүүнү талап кылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Израилдин Аскердик аба күчтөрү жекшембиде Дамасктын аэропортуна жана шаардын тегерегине жасаган авиа соккулары Сирия өкмөтүнүн кескин каршылыгын жаратты. Өлкөнүн ТИМи Израилдин жасаган аракеттерин "Сириянын көз карандысыздыгына каршы жасалган эң коркунучтуу кылмыш" деп атады.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Сириянын ТИМи жекшемби күнү Дамасктын эки районуна абадан сокку урган Израилге каршы санкцияларды киргизүү талабы менен БУУнун Башкы катчысына жана Коопсуздук кеңешинин төрагасына эки кат жиберген деп билдирет РИА Новости.

Израилдин Аскердик аба күчтөрү жекшембиде Дамасктын аэропортуна жана шаардын тегерегине абадан сокку урган. Алардын максаты башкалар менен катар курал-жабдык сакталган жай болгон. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча курман болгондор жок. Сирия борбор шаардын тегерегине Израилдин абадан сокку урушун сынга алып, Израиль тараптын иш-аракеттери Сирия аскерлеринин терроризмге каршы күрөшүн токтотпойт деп белгиледи. 

Сирия өкмөтү Израилди токтото турган санкцияларды киргизүүгө чакырды.

"Израиль Сириянын көз карандысыздыгына каршы эң коркунучтуу кылмыш жасоо менен бир катар уюмдарды материалдык зыянга учуратты", — деген министрликтин сөзүн келтирет сириялык "САНА" агенттиги.

Ошондой эле ТИМ мындай чабуул коюулардын кайталанышына жол бербөө үчүн БУУнун Уставына ылайык бардык процедураларды колдонууга чакырды.

Сирияда 2011-жылдын мартынан бери куралдуу чыр-чатак улантылып келе жатат, анын натыйжасында, БУУнун маалыматы боюнча, 200 миңден ашык адам каза болду. Өкмөттүн аскерлерине ар түрдүү куралдуу түзүлүштөргө кирүүчү согушчандар каршы турушат. Алардын эң активдүүлөрү болуп 29-июнда Ирак менен Сириянын өз көзөмөлүндөгү жерлеринде "ислам халифаты" түзүлгөндүгүн жарыялаган "Ислам мамлекети" тобунун согушчандары эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0