"Жаңы Агым гезити": Акматбек кайсы аэродромго конот?

© Пресс-служба ЖК КРАрхив: Ахматбек Келдибеков
Архив: Ахматбек Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстанга кайтып келген учурда Ахматбек Келдибеков "Республика-Ата-Журтка" кайра кире алабы, Ахматбек Келдибеков мекенине кайтып келгенден кийин сотко жооп береби же шайлоого даярдык көрөбү" деген суроо көпчүлүктү кызыктырууда

БИШКЕК, 1-дек – Sputnik. дейт "Жаңы Агым" гезити ЖКнын экс-спикери Ахматбек Келдибековдун Кыргызстанга келиши, анын сот иши туурасында 28-ноябрдагы чыккан №48-санында жазды.

"Чет өлкөдө дарыланып жатканы, не эс алып жатканы белгисиз, улам ар кайсы жерде изи чыга калып жаткан Акматбек Келдибеков эгер бийлик менен эпке келсе, кайтып келип сурак берип, акталып чыгат деп жатышат. Анда эле келерки шайлоого катышаары турган иш. Бирок, кайсы партия менен?",— деп суроо салат гезит.

Басылма андан ары саясатчыны "Республика-Ата-Журт" блогу катарына кошпосу белгилүү деп жазып, анын себебин чечмелегенге аракет кылган. Алтынбек Сулайманов менен Адахан Мадумаров жок дебегени менен Азиз Турсунбаевдин каршы болорун жазат. 

"Башка шайлоодо шансы бар топтор деле жолото койбойт. Абалы кыйын го…", — деп жазган "Жаңы Агым".

Жаңылыктар түрмөгү
0