Түркиянын "Алтын кара көз" фестивалына катышчу бий топтору тандалат

© flickr.com / KLMirceaТүркиянын мамлекеттик желеги. Архив
Түркиянын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жолу Кыргызстан "Алтын кара көз" сынагына 2015-жылы катышып, анда өлкө атынан "Керемет датка" бий тобу ат салышкан.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Түркияда өтө турган "Алтын кара көз" аталышындагы фольклордук бий фестивалына катышуу үчүн бий топтордон арыздар кабыл алына баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, фестивалга катышууну каалаган бий топтору улуттук жана салттуу бийлерди аткаруусу керек.

"Топтун ичинде сегизден кем эмес, 24төн көп эмес бийчи болуп, алардын жашы 16дан ылдый болбошу зарыл. Сынакка катышуу үчүн арыздарды Маданият министрлигинин алдындагы эл аралык байланыш бөлүмү 20-февралга чейин кабыл алат", — деп жазылат маалыматта.

Торжественное открытие Вторых Всемирных игр кочевников в Бактуу Долоноту - Sputnik Кыргызстан
Ош: "Маш ботойду" черткен 1000 комузчунун катарындагы 100 өнөрпоз сыйланды
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-12-июль аралыгында Түркияда "Алтын кара көз" аттуу эл аралык фольклордук бийлердин 31-фестивалы уюштурулат.

Сынактын уюштуруучулар катышуучулардын жол чыгымдарынан башка бардык чыгашаларын өздөрү төлөп берет. 

Жыл сайын өтчү фестивалда "алтын кара көз", "күмүш кара көз", "коло кара көз" аттуу номинациялардын жеңүүчүлөрү 5000ден 2000 еврого чейин акчалай сыйлык менен сыйланып келишет.

Акыркы жолу Кыргызстан "Алтын кара көз" сынагына 2015-жылы катышып, анда өлкө атынан "Керемет датка" бий тобу ат салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0