"Aзия MIX" КВН менен коштошкон видеосун Instagram баракчасына жарыялады

© Фото / Сергей Андрианов"Aзия MIX" КВН командасынын катышуучулары оюн учурунда. Архив
Aзия MIX КВН командасынын катышуучулары оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КВНдин жогорку лигасынын чемпиондору мындан ары аталган оюнга катышпай тургандыктарын айтышкан.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкектен КВН оюнуна катышып, чемпион болгон "Aзия MIX" командасы Instagram баракчасына "башкы сахна" менен коштошкон видеосун жарыялады. 

Сочи шаарында 23-январга чейин уланган "КиВиН-2017" эл аралык фестивалы өтүп жатат. Анын жыйынтыгы менен КВНдин эл аралык союзунун жогорку лигасынын жаңы курамы аныкталат. "Азия MIX" конкурстук программадан сырткары чыгып жатат. Буга чейин бишкектик команда аталган союздун алкагында коштошкон номерин көрсөткөн. 

"Биздин ар бир оюнчубуз жамаатыбыздын башкы сахна менен коштошуусун көрсөттү. Ал биз жолубузду баштап, көптү көрсөтүп, арбын жакшы ирмемдерди тартуулап, каталарыбызды көзгө сайып көрсөткөн жана ар жылы жаңы жылдыздарды жараткан сахна", — деп жазылган социалдык тармакка. 

Акыркы видеону КВНдеги РУДН командасынын мурдагы оюнчусу Сангажи Тарбаев жазган.

"Азия MIX" Россия КВНинин жогорку лигасында жеңип чыгып, чемпион аталган.

"Азия MIX" командасынын оюнчулары менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0