Бишкекте республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРобот-кыргыз танцует кара жорго и Gangnam Style
Робот-кыргыз танцует кара жорго и Gangnam Style - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумалыкка ар бир облустан төрт мектеп окуучусу келет.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Борбор калаада республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтөт. Бул тууралуу балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы кабарлады. 

В Бишкеке открылся клуб робототехники - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдөрдүн өзгөчө ойлоп табуулары
Билдирүүгө ылайык, жумалык 6-февралдан 12-февралга чейин Бишкек шаарында өтүп, аймактардан келген мектеп окуучулары дагы катышат. Иш-чаранын алкагында өспүрүмдөрдүн жасаган жабдыктарынын атайын көргөзмөсү уюштурулат. 

Ошондой эле 9-январда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде илимий-техникалык олимпиадада мектеп окуучулары күч сынашат. 

Андан сырткары, окуучулардын илимпоздор менен жолугушуусу жана өндүрүш ишканалары менен таанышуусу дагы пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0