КР кинорежиссеру Бангладештеги эл аралык фестивалда калыстык кылат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык кинорежиссер Ника Жолдошеванын архивдик сүрөтү
Кыргызстандык кинорежиссер Ника Жолдошеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган эл аралык иш-чара 12-20-январда өтөт. Ал Rainbow Film Society уюмунун колдоосу менен ишке ашып, Бангладеште кино маданиятын жайылтууну көздөйт.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандык кинорежиссер Ника Жолдошева Бангладештин Дакка шаарында боло турчу эл аралык кинофестивалда калыстык кыла турганын "Айтыш-фильм" киностудиясынан билдиришти.

Снимок с социальной сети Instagram пользователя asiamix_kvn.  Члены команды Азия MIX в Сочи - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" эртең Сочиде баштала турган "КиВиН-2017" фестивалына катышат
Маалыматка ылайык, аталган эл аралык иш-чара 12-20-январда өтөт. Ал Rainbow Film Society уюмунун колдоосу менен ишке ашып, Бангладеште кино маданиятын жайылтууну максаттайт.

Быйыл аталган кинофестивалда дүйнө жүзүнөн келген 170дөн ашык түрдүү жанрдагы тасмалар калыстардын сынына коюлат.

Кыргызстандын атынан бул фестивалда Эрнст Абдыжапаровдун "Кекеч", Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" жана Нурлан Абдыкадыровдун "Кыргыз-казак бир тууган" тасмалары көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0