21:08 17 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Кинорежиссер  Дальмира Тилепбергенованын архивдик сүрөтү

Режиссер Дальмира Тилепбергенова эл аралык кинофестивалдын калыстар тобуна кирди

предоставлено Чолпон Идрисовой
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
3610

Фестивалдын алкагында 50 мамлекеттен келген 180ден ашык тасма көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кинорежиссер Дальмира Тилепбергенова эл аралык NETPAC кинофестивалында калыстар тобуна киргенин "Айтыш-фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Аталган эл аралык кинофестиваль Индиянын Бангалор жана Майсур шаарларында 2-9-февраль күндөрү өтөт.

Аталган иш-чара жыл сайын Карнатака штатынын өкмөтүнүн колдоосу менен өтөт. Быйыл фестивалдын алкагында 50 мамлекеттен келген 180ден ашык тасма көрсөтүлөт.

Эске салсак, Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы былтыр Бангалордо өткөн кинофестивалда "Азияны эң мыкты тасмасы" деп таанылган.

NETPAC — 1990-жылы уюшулган азиялык тасмаларды жайылтууну көздөгөн дүйнөлүк тармак. Анын курамына 30 мамлекет кирип, киноиндустрияда азиялык таланттарды издөө жана алардын өнөрүн өнүктүрүүнү максаттайт.

Тема боюнча

Кыргызстандык режиссер Тилепбергенова NETPAC уюмуна мүчө болду
Белгилер:
кинофестиваль, Чолпон Идрисова, Дальмира Тилепбергенова, Индия

ЭҢ МААНИЛҮҮ