Күйөрмандардын сынагында "Азия MIX" мыктылардын катарында

© Sputnik / Табылды КадырбековСоздатель и капитан команды КВН "Aзия MIX" Эльдияр Кененсаров
Создатель и капитан команды КВН Aзия MIX Эльдияр Кененсаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын КВН күйөрмандарынын добушу менен бейрасмий түрдө мыктылар аныкталат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. "КВН для всех" сайты Жогорку лигадагы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча мыктыларды көрүүчүлөрдүн добушу менен аныктамай болду. Учурда фавориттер арасында "Азия MIX" командасынын оюнчулары бар. 

Өткөн жылы "Азия MIX" Жогорку лиганын финалында жеңишке жетишкен.

Добуш берүү "ВКонтакте" социалдык тармагы аркылуу "Жылдын КВНчи мырзасы", "Жылдын КВНчи айымы" жана "Команда — жылдын бет ачары" номинациялары боюнча жүрүүдө. 

Участники команды КВН Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кененсаров: Жогорку лигага чейинки жол тозокту жети жолу айланып чыккандай
Биринчи номинация боюнча жеңишке 11 адам ат салышууда, алардын арасында кыргызстандык Элдияр жана Эрмек Кененсаровдор бар.

Ушул тапта биринчи орунда 34 пайыз менен "Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров баратат, Эрмектики — 11 пайыздан азыраак. Былтыркы жылы Элдияр тогузунчу орунду ээлеген. 

Экинчи номинация боюнча сегиз айымдын арасынан Ситора Фармонованы көрсөк болот. Былтыркы жылы үчүнчү орунга ээ болсо быйыл 7 пайыз менен бешинчи орунда келе жатат.

Үчүнчү номинацияга "Азия MIX" кире алган жок. 

Жыл сайын өткөрүлүүчү бул добуш берүү быйыл тогузунчу жолу өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0