Нью-Йоркто кыргыздын фольклордук жана классикалык музыкасы жаңырат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызские национальные музыкальные инструменты
Кыргызские национальные музыкальные инструменты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Музыкалык кечеде белгилүү кыргыз композиторлорунун чыгармалары Кыргызстан менен Америка жылдыздары тарабынан аткарылат.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Нью-Йорктогу эң беделдүү делген Merkin Concert Hall at Kaufman Music Center залында кыргыздын фольклордук жана классикалык музыкасы жаңырарын кыргыз-америка фондунан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, салтанаттуу кече үстүбүздөгү жылдын 16-мартында кечки саат 20.00дө башталат. 

"Анда Кыргызстан менен Американын жылдыздары пианист Азамат Сыдыков, Кайры Кошоева, Жонатан Левин, комузчулар Перизат Копобаева менен Элвира Абдиева, опера ырчысы Николета Раллис жана башка таланттар белгилүү композитор Атай Огонбаев, Ниязалы, Калый Молдобасанов, Владимир Фере, Таштан Эрматов, Михаил Бурштин, Муратбек Бегалиев жана Жылдыз Малдыбаеванын чыгармаларын аткарышат", — деп айтылат маалыматта. 

Кыргыз-америка фонду Нью-Йорктун үч артисти Азамат Сыдыков, Жонатан Левин жана Николета Раллис тарабынан түзүлгөн. Фонддун негизги максаты Кыргызстан менен АКШнын маданий байланышын жакшыртуу болуп эсептелет.

Кыргыздын музыкалык аспаптары жөнүндө Sputnik Кыргызстан инфографикасында угуп окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0