Академик Абдыганы Эркебаев кыргыз мыктылары тууралуу китеп жазды

© Фото / НАН КРПрезентация книги "Думать не о себе, а о стране" Абдыганы Эркебаева
Презентация книги Думать не о себе, а о стране Абдыганы Эркебаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло" китеби кыргыз жана орус тилдеринде 500 нуска менен жарык көрдү.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Академик Абдыганы Эркебаевдин "Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло" китеби жарык көргөнүн Улуттук илимдер академиясы билдирди. 

Маалыматка караганда, китепте автор мамлекеттеги өткөн жана учурда болуп жаткан орчундуу окуяларга баа берген. Ошондой эле кыргыз коомчулугуна аты белгилүү коомдук ишмерлер, саясатчылар, адабият өкүлдөрү жана чет өлкөлүк замандаштардын ишмердигин иликтеп, портреттерин түзгөн.

"Алардын арасында Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Салижан Жигитов, Жусуп Мамай, Жумабек Ибраимов, Роза Отунбаева сыяктуу инсандардын жасаган иштерине токтолгон", — деп айтылат билдирүүдө. 

Китеп кыргыз жана орус тилдеринде 500 нуска менен жарык көрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0