Каникул учурунда баланы кайда жана канча сомго эс алдырса болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы жылдык балатыдагы балдар. Архив
Жаңы жылдык балатыдагы балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп окуучуларына кышкы каникул башталды. Жаңы жылдан кийинки эс алуу күндөрү башка каникулдардан айырмаланып, өзгөчө шаңдуу болот. Бирок бүгүнкү күндө баланы көчөгө чыгарып, майрамдатуу көпчүлүк ата-энелердин капчыгын бир топ жукартып коет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ата-энелерге жардам иретинде кышкы каникул убагындагы Бишкектеги ар кандай маданий иш-чараларды тизмектеп, кирүү акысына чейин сураштырып чыкты. 

Все профессии нужны, все профессии важны! - Sputnik Кыргызстан
Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет. Балаңызга пайдалуу деген 10 ийрим
Үнөмдөөгө аракет кылган ата-энелерди театрларда тартууланган оюн-зооктор менен спектаклдердин баасы кубандырбай койбойт. Аларга кирүү наркы 100-200 сомдун тегерегинде. 

Белгилей кетсек, быйылкы кышкы каникул 30-декабрдан 6-январга чейин уланат. Ишемби, жекшембини эске алганда окуучулар 9-январда окуусун улантат. 

Айтматов атындагы орус драма театры 

Жаңы жылдык шоу-программалар 4-январда башталат.

4-январь – "Алиса в стране чудес" спектакли
Башталышы: 13.00.
Билет баасы: 200-500 сом.
Аягында балдар Аяз ата, Аяз кыздын коштоосунда балаты айланышат. 

5-январь – "Красавица и чудовище" спектакли 
Жомок башталгыча балдар Аяз ата, Аяз кыздын коштоосунда оюн-зоокко күбө болушат.
Башталышы: 11.00, 13.00.
Билет баасы: 100-400 сом (5 жашка чейинки балдарга кирүү акысыз).

6-7-8-январь күндөрү "Диснейленд" шоу-программасы
Башталышы: 11.00.
Билет баасы: 200-400 сом. 

Пятигорск зоопаркы

"АЮ GrandComfort" соода борбору, Горький менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилиши.
Башталышы: 11.00дөн 19.00гө чейин.
Билет баасы: 250 сом (10 жашка чейин), 300 сом (чоңдорго), 3 жашка чейин акысыз.

Кыргыз мамлекеттик цирки

"Бинго-бонго" шоусу.
2,3-январь күндөрү.
Билет баасы: 400-900 сомго чейин.

Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театры

2-январдан тарта 8-январга чейин Аяз ата, Аяз кыздын катышуусунда шоу-программалар.
Башталышы: 11.00дөн 13.00гө чейин орус тилинде, 13.00дөн 15.00гө чейин кыргыз тилинде.
Билет баасы: 100 сом.

Абдумомунов атындагы кыргыз драма театры

3,4,5 –январь күндөрү "Ажыдаар хандыгы" спектакли.
Башталышы: 11.00дөн 13.00гө чейин.
Билет баасы — 100 сом. 

Малдыбаев атындагы опера жана балет театры 

  • 4-январь – "Три поросенка".
  • 5-январь — "Кошкин дом".
  • 6-январь — "Три поросенка".

Билет баасы: 150-200 сом. 

"Подводный мир" чакан зоопаркы 

Асанбай сейил багында.
Башталышы: 11.00дөн 21.30га чейин.
Билет баасы: 180 сом (балдарга), 230 сом (чоңдорго).
(Балыктар, суу жаныбарлары).

"Смешарики" зоопаркы 

"Таш-Рабат" соода борбору. 

  • Дүйшөмбү — 15.00-21.30.
  • Шейшемби — жума — 12.00-21.30.
  • Ишемби, жекшемби — 10.00-21.30.

Билет баасы: 100 сом.
(жылан, көгүчкөн, ташбака, жөргөмүш, хамелеон сыяктуу жаныбарлар бар, балдарга жаныбарларды кармап көрүүгө уруксат берилет).

"Живая экзотика" зоопаркы 

"Россия" кинотеатры. 

  • Дүйшөмбү — жума — 11.00-20.30.
  • Ишемби, жекшемби — 10.00-21.30.

Билет баасы: 180 сом (балдар), 230 сом (чоңдор).
Жөргөмүш, жылан, крокодил, маймыл сыяктуу тропикалык жаныбарлар жана чымчыктар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0