"Эсимде" телесынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КРТоктогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда "Эсимде" аталышындагы телесынагын жыйынтыктаган гала концерт уюштурулду
Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда Эсимде аталышындагы телесынагын жыйынтыктаган гала концерт уюштурулду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактын жалпы байге фонду 1,5 миллион сомду түзүп, алдыңкы орунду алгандар акчалай байгелер менен сыйланды.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда "Эсимде" аталышындагы телесынагын жыйынтыктаган гала концерт уюштурулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КРМинистр культуры КР Туголбай Казаков на церемонии награждения победителей телевизионного конкурса "Эсимде"
Церемония награждения победителей телевизионного конкурса Эсимде - Sputnik Кыргызстан
1/2
Министр культуры КР Туголбай Казаков на церемонии награждения победителей телевизионного конкурса "Эсимде"
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КРКонкурс эки тур менен өтүп, ага 400дөй эмгек түшкөн. Өнөрпоздордун чыгармачылыгын СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева, КРдин Эл артисти Анарбек Ибраев, КРдин эмгек сиңирген ишмерлери Кыялбек Урманбетов менен Рафаэль Сарлыков баалашты.
Конкурс эки тур менен өтүп, ага 400дөй эмгек түшкөн. Өнөрпоздордун чыгармачылыгын СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева, КРдин Эл артисти Анарбек Ибраев, КРдин эмгек сиңирген ишмерлери Кыялбек Урманбетов менен Рафаэль Сарлыков баалашты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Конкурс эки тур менен өтүп, ага 400дөй эмгек түшкөн. Өнөрпоздордун чыгармачылыгын СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева, КРдин Эл артисти Анарбек Ибраев, КРдин эмгек сиңирген ишмерлери Кыялбек Урманбетов менен Рафаэль Сарлыков баалашты.
1/2
Министр культуры КР Туголбай Казаков на церемонии награждения победителей телевизионного конкурса "Эсимде"
2/2
Конкурс эки тур менен өтүп, ага 400дөй эмгек түшкөн. Өнөрпоздордун чыгармачылыгын СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева, КРдин Эл артисти Анарбек Ибраев, КРдин эмгек сиңирген ишмерлери Кыялбек Урманбетов менен Рафаэль Сарлыков баалашты.

Конкурс эки тур менен өтүп, ага 400дөй эмгек түшкөн. Өнөрпоздордун чыгармачылыгын СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева, КРдин Эл артисти Анарбек Ибраев, КРдин эмгек сиңирген ишмерлери Кыялбек Урманбетов менен Рафаэль Сарлыков баалашты.

Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазмакерлер арасында "Сен кимсиң, Аялзат" конкурсу уюштурулат
Эстрада жанры боюнча Гүлүм Касымбаева ("Эсимде"), Мыктыбек Нурланбеков ("Сагынам"), Айсана Усупбаева ("Созулма") алдыңкы орунду ээлесе, опера жанры боюнча Бактыбек Алмабеков ("Жалынга күйгөмүн"), Сыргак Асанакунов ("Түндө"), Нурбек Кимболотов ("Эне жөнүндө баллада") калыстардын купулуна толду. Ал эми фольклор жанры боюнча Акыл Серкебаев ("Насыйкат"), Нурзат Ажыкожоева ("Мунарым"), Калыбек Турганов ("Ой, булбул") мыкты болушту.

Аранжировка жаатында Айганыш Текенова, Асылбек Насирдинов, Азамат Такырбашев жана Наргиза Курмановалар өзгөчөлөнүштү.

Сынактын жалпы байге фонду 1,5 миллион сомду түзүп, алдыңкы орунду алгандар акчалай байгелер менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземине Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков баштаган эл артисттери катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0