Ырчы Анара Шайымкулова: кайнагам Айбек Карымовдон кеңеш сурагандан тартынам

© Фото / Эрлан РайымкуловКыргыз фольклордук ырчылардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Анара Шайымкулова
Кыргыз фольклордук ырчылардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Анара Шайымкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз фольклордук ырчылардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, комузду шаңкылдата чертип "Насыйкаттын" ажарын ачкан өнөр ээси Анара Шайымкулова менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Чыгармачылыкка аралашканыңызга бир топ жыл болсо да, эмнегедир тынымдын ортосунда, же болбосо чыгармачылыкта ордуңузду таба албай жүргөндөй туюласыз. Акыркы учурларда социалдык тармактарга жаңы сүрөттөрдү киргизип, кечелерге байма-бай катышканыңызды көрүп калып жатабыз… 

— Чыгармачылыкта бир көрүнүп, кайра жоголуп жүргөнүмдүн себеби үй-бүлөмө, эне болгонума байланыштуу. Өзүм да баласаакмын. Балдарымды башка бирөөгө караткым келбейт. Кээде жалкоолукка да берилип кеткендей сезилем. 

Социалдык тармактарга деле кирчү эмесмин. Байкаштырып отурсаң, өзүңдү таанытуунун бирден бир оңой жолу бул социалдык желелерге катталып, активдүүлүгүңдү көрсөтүү экен. Анан элге жакын болоюн деп акыркы күндөрү сүрөттөрүмдү жүктөп, жаңылыктарым менен бөлүшүп жатам. 

© Фото / Эрлан РайымкуловАнара Шайымкулова: социалдык тармактарга деле кирчү эмесмин. Байкаштырып отурсаң, өзүңдү таанытуунун бирден бир оңой жолу бул социалдык желелерге катталып, активдүүлүгүңдү көрсөтүү экен. Анан элге жакын болоюн деп акыркы күндөрү сүрөттөрүмдү жүктөп, жаңылыктарым менен бөлүшүп жатам
Кыргызская фольклорная певица Анара Шайымкулова - Sputnik Кыргызстан
Анара Шайымкулова: социалдык тармактарга деле кирчү эмесмин. Байкаштырып отурсаң, өзүңдү таанытуунун бирден бир оңой жолу бул социалдык желелерге катталып, активдүүлүгүңдү көрсөтүү экен. Анан элге жакын болоюн деп акыркы күндөрү сүрөттөрүмдү жүктөп, жаңылыктарым менен бөлүшүп жатам

— Жолдошуңуз чыгармачылыгыңызга кандай көз карашта?

— Жаш кезимде ар ким жуучу түшкөндө көбүнөн ырдатпай коет деп баш тартым жүргөм. Анан жолдошум Догдурбек менен таанышканда токтогулдук экенин билип ырдатат деп турмушка чыккам. Азыр өнөрүмө колдоо көрсөтүп, түшүнүү менен карайт. Биз чыгармачылыкта иштеп жүрүп, гастролдо таанышканбыз. Ал сүрөт окуу жайына тапшырып бүтпөй калган экен, азыр музыкант. Эки эркек, бир кызыбыз бар. 

— Башка темага өтө электе ырчылык өнөргө кантип аралашып калганыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

Певец кыргызской эстрады, участник группы Биз Бактияр Токторов - Sputnik Кыргызстан
Бактияр Токторов: "Буй-буйду" ырдаганда көбү мени ичип алган окшойт дешет экен
— Бала кезимен тарта ырчы болом деп кыялданчумун. Убагында ырчылык боюнча окуу жайларга тапшыра албай калып Жала-Абаддагы мамлекеттик университеттин филология факультетине тапшырдым. Ал жактан ар кандай адабий кечелерге, конкурс, фестивалдарга, бардык иш-чараларга активдүү катышып чыгармачылымды өркүндөтүп баштадым. 4-курста Рыспай Абдыкадыровдун эскерүү кечесинде "Кымбатым" деген чыгармасын аткаргам. Ошол учурда КР эл артисти Арзыбек Бедияров агайыбыз "жакшы ырдайт экенсиң, кызым" деп өзүнүн "Күлгүн жаш" тобуна солист катары чакырган. Арзыбек агай менен үч жыл иштештик. Окууну аяктап жатканда этика жана эстетика борбору деген кафедра ачылып, окутуучу болуп иште деген колдоолор, сунуштар көп болду. Аз убакыт иштегенден кийин максатыңа жараша туура жолго түшүү керек экенин түшүнүп, кайра Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы улуттук филармонияга солист болуп орноштум. Рысбек Жабиров акын Азада Бегимкулованын жаркын элесине арналган "Азада Бегим" тобун түзүп, ал жакта да эмгектендик. Бирок бул топ бир жарым жылдан кийин тарап кетти. 

— Жалал-Абадда иштеп жүрсөңүз борборго кантип келип калдыңыз?

— Ыр жаздырганда аларды кайра радиого бериш үчүн борборго каттоо кыйын болчу. Жаздырган ырыңды мына берейин деп жатсаң аны сенден мурун бирөө жаздырып берип койгон болот. Жаңы жылдык кечелерге да келүү кыйынчылык жаратты. Анан 2005-жылы "кой, мен дагы чоң ырчы болом" деп элге кошулуп алып борборго аттангам. Келип Айбек Карымов агайдын "Ай теңир" тобуна солист катары кирдим. Андан кийин ал кишинин инисине турмушка чыгып, чыгармачылыкта тыныгуулар башталды. Эки уулум менен алты жыл үйдө отурдум. Ошол аралыктар чыгармачылыктан алыстаган адамга оор тийди. Депрессияга кабылган да күндөр болду. Жакшы жагы үй-бүлө күтүп, балалуу болдум. Мен дароо эле ырдап кетсем болмок экен. Анткени мен жолдошум "ырдабай эле кой" деп айтса керек деп ойлоптурмун. Жолдошум дагы бир мүнөз адам, унчукпай жүрө берсе, мен да жүрө бериптирмин. Жашоо менен алпурушуп көп иштерди жасадык, көп жерлерде иштедик. Бир күнү "сен мындан кийин ырдабайсыңбы" деп сурап калды. Ошол сөздөн кийин ырларды жаздырып, чыгармачылыкты улантам деп аракеттенип жүрдүм. Радиолордон ырларым кетип эле жүрөт. Бирок теледен азыраак көрүнүп калам. Кызым төрөлгөндө дагы бир-эки жыл тыным болду. Азыр эми токтобой иштегенге аракет кылып жатам. Күндөн күнгө угармандарым көбөйүп баратат. Ошолордун ишенимин акташым керек. Эң башкысы — өнөрүмдү жолдо калтыргым келбейт.

© Фото / Эрлан РайымкуловАнара Шайымкулова: жаш кезде шар, тайманбас кыз болчумун. Бара-бара мүнөзүң калыптанып, үй-бүлө күтүп бала-чакалуу болгондон кийин ар бир нерсени ойлонуштуруп, көз карашың өзгөрүп калат экен
Кыргызская фольклорная певица Анара Шайымкулова - Sputnik Кыргызстан
Анара Шайымкулова: жаш кезде шар, тайманбас кыз болчумун. Бара-бара мүнөзүң калыптанып, үй-бүлө күтүп бала-чакалуу болгондон кийин ар бир нерсени ойлонуштуруп, көз карашың өзгөрүп калат экен

— "Насыйкаттын" ажарын ачкан ырчылардын бирисиз. Ал чыгарманы кантип аткарып калгансыз?

— "Жалал-Абад азем түндөрү" сынагына даярданып жатканда "Азада Бегим" тобунун мүчөлөрү менен кеңешип отуруп, "Насыйкатты" көлөмдүү чыгарма, идеологиялык жактан мааниси терең, конкурстун талабына жооп бере алат деп тандап алганбыз. "Жалгыз дарак токой болбойт" дейт. Бул чыгарманы элге тартуулоодо топтун дагы эмгеги чоң. 

— Биздин жумушта деле командасыз көп жумушту бүтүрө албайсың. Дегеним, убагында чыгармачыл топтордо иштеп жүрүп, жеке ырчылыкка бет алганда ортодо кандай айырмачылылыктарга туш болдуңуз?

— Маселен, Арзыбек Бедияров агай менен иштешип жүргөндө аранжировкага акча төлөйт, үнгө, сөзгө акы бериш керек деген маселе жок болчу. Концерттен, тойлордон түшкөн каражаттарды ортого бөлүп койчу. Анан да ишти бүтүрүү, жоопкерчилик меселеси бардыгына бирдей берилчү. Жалгыз иштегенде бул нерсенин баары сенин мойнуңда болот экен. Бирок жалгыз иштеп деле ийгилик жаратса болот.

— Чыгармачылык жактан кайнагаңыз Айбек Карымов кеп-кеңештерин берип турса керек?

Тамада, радио- и телеведущая Салтанат Саматова - Sputnik Кыргызстан
Салтанат Саматова: жакшы жигит болсо кыздар деле биринчи кадам жасашы керек
— Борборго жаңы келгенде Каныбек Иманалиев агайдын сөзүнө, Айбек агайдын обонуна жазылган "Биздин сүйүү жалган болсо" деген чыгармасын аткаргам. Эл сүйүп уккан акжолтой ыр болду. Азыр эми Айбек агайга тууган катары кайрылып турам. Чыгармачылык жактан сый мамиледебиз. Бирок кеңеш сурап кайрылсаң жардамын аябаган киши. Мен өзүм келин катары батына албай, тартынып турам. 

— Жашооңузда дагы тартынчааксызбы?

— Жаш кезде шар, тайманбас кыз болчумун. Бара-бара мүнөзүң калыптанып, үй-бүлө күтүп бала-чакалуу болгондон кийин ар бир нерсени ойлонуштуруп, көз карашың өзгөрүп калат экен. Бирок өзүмдө тартынуу сезими бар, мойнума алам. Бирөөгө көз артып, чыгармачылык жактан да башкаларга атаандаша албайм. Бой көтөрө да албайт экенмин. Кээде бул сапаттар адамга керек окшойт. 

© Фото / Эрлан РайымкуловАнара Шайымкулова: жаш кезимде ырдайт десе эле ар кайсы жанрды аралаштыра бериптирмин. Кийин Улукмырза Полотов агайыбыздын сабак алып бир топ нерсени үйрөндүм. Ошондо үнүм элдик ырларга туура келээрин баамдагам
Кыргызская фольклорная певица Анара Шайымкулова - Sputnik Кыргызстан
Анара Шайымкулова: жаш кезимде ырдайт десе эле ар кайсы жанрды аралаштыра бериптирмин. Кийин Улукмырза Полотов агайыбыздын сабак алып бир топ нерсени үйрөндүм. Ошондо үнүм элдик ырларга туура келээрин баамдагам

— Азыр эстрадага талап күчтүү экенин бардыгы билет. Ырдоо стилиңизди фольклордук нукта эле калтырасызбы?

Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым - Sputnik Кыргызстан
Элмирбек Иманалиев: ат тезегин кургатпай концерт бергендерден эмесмин
— Жаш кезимде ырдайт десе эле ар кайсы жанрды аралаштыра бериптирмин. Кийин Улукмырза Полотов агайыбыздын сабак алып бир топ нерсени үйрөндүм. Ошондо үнүм элдик ырларга туура келээрин баамдагам. Азыр деле фольклор жыттанган эстрадалык ырларды ырдагым келет. Элдик аспаптарды кошпосоң ырыңа дагы, ырдаганыңа дагы тойбой каласың. Анан комуз көтөргөндөн кийин улуттук кимимдерди кийгенге туура келет. Кийимдерди кээде эле сатып алганым болбосо, көбүн тиктирем. Үкү топуну болсо өзүм жасайм. 

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Сиздей журналисттердин эмнеге көрүнбөйсүз деген суроосун бердиргим келбейт. Ийгиликтерди жаратып, жакшы ырлардын үстүндө иштеп, ушул жазда эл катары концерт берсемби дейм. Ыр жаза коймой жайым бар. Аны кайрадан улантып жатам. Биздин төкмөлөргө аралашып, сабак алгым келет. Буюрса, бул жөнүндө дагы жакшы ойлорум бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0