Бишкекте тасмаларды жайылтуу боюнча мастер-класс өткөрүлөт

Жазылуу
Адистер тасмаларды фестивалдарга катыштыруунун сыры менен бөлүшөт

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бүгүн борбордогу Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчада фильмдерди кинофестивалдарда алга жылдыруу боюнча иш алып барган "Festagent" агенттигинин өкүлү Иван Золотухин каалоочулар үчүн мастер-класс өтөт. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруу комитетинин мүчөсү Чолпон Идрисова билдирди.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар 12-декабрда көрсөтүлөт
Анын айтымында, лекция "Тасмаларды кинофестивалдарга катыштыруу: системалык мамиле" аталышында болот.

Маалыматка ылайык, аталган агенттик акыркы беш жылдын ичинде орус жана англис тилиндеги 1630дан ашык россиялык жана чет өлкөлүк кинофестивалдардын каталогун түзүп чыккан. 

"Festagent" агенттигинин адистери тасмаларды анализдөө, аны алдыга жылдыруунун стратегиясы, фестивалдардын тизмесин түзүү, анкета, документтерди толтуруу менен алектенишет. 

Идрисова белгилегендей, мастер-класс саат 13.30да башталат, бардык каалоочулар үчүн эшик ачык.

Жаңылыктар түрмөгү
0